Шаршенова Нурима Күмүшбековна*
Кыргыз калкынын эң чоң фольклордук мурасы «Манас» эпосу экени баарына белгилүү. «Манас» – баатырдык рухту даңазалай турган улуттук эпос. Анда кыргыз калкынын өткөн тарыхы, салт-санаасы, үрп-адаты, эрдик жолу баяндалат. Эпосто кыргыздардын Ала-Тоо этегинен Алтай жерине айдалып барышы, Алтай жериндеги жашоосу, ал жердеги калмактардан көргөн кыйынчылыктары, эр Манастын төрөлүшү, калмак менен кытайдын кордугунан Манастын кыргыздарды коргоосу, аларды ата мекени Ала-Тоо бооруна алып келиши, Манастын кыргыздарга тынч заманды орнотуусу, Манас менен чоролорунун достугу айтылат.
Эпосто байыркы кыргыздардын турмуш-тиричилиги, каада-салты, эрдик жортуулдары, согушу, баатырлардын сырткы келбети менен мүнөзү көркөм сүрөттөлөт. Ушул аркылуу эпос өзүнүн тыңдоочулары менен окурмандарын өзүнө тартып алат. «Манас» эпосун элге жеткизүүчүлөр, тактап айтканда, манасчылар бир гана согуш иш-аракеттерин сүрөттөй бербейт, аны менен катар баатырлардын жүргөн жерлеринин табийгаты менен аба-ырайын да өтө чеберчиликте сүрөттөшөт.
Белгилей кетүүчү нерсе – «Манас» эпосундагы кең таралган поэтикалык формалардын ичинен табигат лирикасы эң аз кездешет. Ошондой болсо да казактын белгилүү адабиятчы-окумуштуусу, жазуучу, фольклорист Мухтар Ауэзов: «Бирок мындан баяндоо түрүндө болсо да берилген чыныгы табигат элестери таптакыр жок деген корутунду чыкпайт. Элдик эпопеяда стихиялык кубулуштарга – чагылгандуу жаан менен нөшөргө, ызгаардуу аяз менен буркан-шаркан түшүп ташкындаган сууга өзгөчө көңүл бөлүнүп отурган» [Ауэзов М., 1962. 222-б.] деп белгилейт. Мисалы, Саякбай Каралаевдин айтуусунда Манастан качып бараткан Жолой токойго кире качып, жайчылык касиети менен күндү жайлап, туман түшүрүп, жаан жаадырып кутулат. Кыргыздын түбөлүк душманы, качып бараткан Жолойго бир заматтын ичинде асманды каптаган кара булут, теребелди чүмкөгөн коюу туман, туш-тушунан зыркырап үйлөгөн муздак шамал, асмандан куюлган мөндүр аралаш жаан менен жердин үстүн бузуп, арык-жылгадан аккан кыян жардам берсе, тескерисинче, артынан кубалап келе жаткан Манаска ошол эле аба-ырайын дубалоо жолтоо болуп, душмандын жолун торгоп, кармап максатына жетүүсүнө тоскоолдук жаратат. Ошол кездеги аба-ырайынын өзгөрүлүшү эпосто төмөндөгүдөй чеберчилик менен сүрөттөлөт:
Астыдан булут табылды,
Жер жүзүнө көгөрүп,
Жөө туман түшүп жабылды,
Туш-тушунан зыркырап,
Муздак шамал урду эле,
Тоо башына дүмпүйүп,
Кара булут турду эле.
Булут учуп кыбырлап,
Асмандан алты сай мөндүр куюлуп,
Ак ала жамгыр шыбыргак
Кудай бетин көргөзбө,
Тоо-тоонун башы жабылып,
Чуңкурдан туман табылды [Манас. 2010. 155-б.], –
деп аба-ырайы жайчылыктын күчү менен күтүүсүздөн бузулуп, жака-белдин баары астын-үстүн болуп кетет. Табигаттын катаал мүнөзү айлана-чөйрөгө өз таасирин тийгизери анык. Эпосто мындай добулдун соңу:
Бөксөнүн баары мөндүрлөп,
Жаканын баары жамгырлап,
Аңгектин баары тыгындап.
Арыктын баарын жыгындап,
Асман менен куюлган
Алты сай мөндүр шыбыргак,
Жердин үстү бузулуп,
Кыян жүрүп кыбырлап,
Коктудагы жыгачтын
Дүмүрү чыгып короюп,
Жаткан төөдөй, уйдай таш
Талаага токтоп короюп.
Жаткан төөдөй дөңгөчтөр
Каршы-терши сороюп,
Токойдун баары тутулуп,
Тоонун баарын карасаң
Кыян жүрүп бузулуп [Манас. 2010. 156-б.], –
деп сүрөттөлөт. Мында айланадагы жандуу да, жансыз да көрүнүштөрдүн бардыгы жаратылыш көрүнүшү да, аба-ырайы да ошол кездеги каармандардын образын тереңдетип ачып берүүгө, алардын ичиндеги уйгу-туйгу сезимдерди дагы конкреттештирип, дагы да көркөмдөп, кооздоп, окурман менен тыңдоочулардын аң-сезимине жеткирүүдө чоң роль ойнойт.
Белгилүү манастаануучу Акбаралы Сыдыков: «Эпостун каармандарынын максаттарына жетүүсүнө жардамдашып же жолтоо болуп, стихиялуу күчтөр алардын турмушуна активдүү кийлигишет» [Сыдыков А., 2006. 57-б.] деген. Жогорудагы келтирилген мисалда Жолой менен Манастын максаттарына жетүүсүнө да, жетпей калуусуна да аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү менен жаратылыштын сүрдүү жана катаал көрүнүш-кубулуштары таасирин тийгизип, өз салымын кошуп, бирине жолтоо болсо, экинчисине жардам берип турат.
Ошону менен катар эле бул мисалда, деги эле «Манас» эпосундагы келтирилген мисалдардын баарында, композициялык ык – көркөм параллелизм кеңири колдонулат. «Ал эки көрүнүштүн структуралык байланышын көрсөтүү аркылуу баяндоонун эмоционалдуулугун күчөтөт, сүрөттөлүп жаткан окуяга, сценага ачыктык, тактык киргизет» [Сыдыков А., 2006. 58-б.] дейт А. Сыдыков. Мисалга алсак, Саякбай Каралаевдин вариантында азганакай кыргыз журту Алоокенин чапкынына туш болуп, таланып-тонолуп, кыз-кыркыны олжого кетип, анысы аз келгенсип калган элин бөлүп-жарып туш-тарапка айдатып жиберет. Ошондо баштыгы Балтай, Жакып болуп кырк үйлүү кыргыз журту Алтайга айдалат, жолду ката көрбөгөн кордукту көрүп, жебеген азапты жеп, так алты ай жол басышып, Ак-Талаага жетишет. Ошондогу таң жаңыдан атып келе жаткандагы Ак-Талаанын сүрөттөлүшү ушунчалык бир чеберчилик менен көркөмдөлүп, кооздолуп, түркүн-түстүү боёктор менен көз алдыга элестүү тартылат.
Таң кашкайып сүргөндө,
Жерге жетип жарык тийгенде,
Супа садык чалганда,
Таң дүмпөйүп калганда
Төбөдөн жылдыз зирилдеп,
Кыбыла көздөп бириндеп,
Асмандан жылдыз бөлүнүп,
Мунарык тартып бүрүлдөп,
Таң шоокуму көрүнүп,
Таңдын муздак жели зыркырап,
Камыштын башы чыркырап,
Балапан торгой чуркурап [Манас. 2. 40-б.]
Бул жерде манасчы таңдын атышын бекеринен албаса керек
– анткени, кыргыз менен кытай эли эзелтен бири-бирине душман болуп келишкен. Бир убакта кытай кыргызга үстөмдүк кылып, аларды каратып, баш ийдирип, өзүнүн бийлигин жүргүзсө, кайсы бир убакта ал тескерисинче – бийлик алмашып, кыргыз кытайды чаап алып, өзүнүн үстөмдүгүн жүргүзүп келген. Эпосто ошол мезгил таасын берилген. Философия илимдеринин доктору, профессор Ш.Акмолдоева: «Көчмөн коомдо ата-тегин билүү өткөн мезгилди эске тутуунун ишенимдүү ыкмасы, эзелки коомдун көңүл маанайын жайгаруунун маанилүү фактору. «Манастын» мазмуну ушуну көрсөтүп турат. Эпосто Манастын ата-теги жөнүндөгү генеалогиялык легендада баатырдын көп ата-бабаларынын ысымдары аталат» [Акмолдоева Ш., 1998. 261-б.] деген. Манастын ата-бабаларынын баары кан болгондугу эпосто айтылат. Түп атасы Түгөл кан, Бөйөн кан Чаян кан, Огой кан, Балакан, андан Каракан. Кылкылдаган кытай эли кыргызды кайра-кайра чаап алып турган. Мына ошондой учурда кан Огой Бээжинге чындап уруш салып, азганакай журтун сактап калат. Ал эми чоң атасы Каракан эли-журтуна баш болуп, өзү баатыр, эр жүрөк кан болот. Каракан барда кыргыз журту кыйынчылык көрбөй, баскынчыларга баш ийбей, өз алдыларынча тынч, бакубатчылыкта өмүр сүргөндүгү айтылат. Анын көзү тирүүсүндө эч ким кыргызды басып ала алган эмес. Каракандын көзү өткөндөн кийин эзелки душманы Алооке кылкылдаган көп колу менен келип кыргыздын таш-талканын чыгарып, отун өчүрүп, күлүн асманга сапырат. Кыз-келинин олжолоп, өлгөндөн калган кыргызды, анын ичинен Каракандын сегиз уулун туш-тарапка бөлүп, айдатып жиберет. Ошол кезде кыргыздын көргөн күнү түнгө айланат. Туулуп-өскөн, ата-бабалары жердеген атыр жыттуу Ала-Тоодон айрылуу каармандардын эң чоң трагедиясы болот. Мына ушул жерде мүңкүрөгөн кырк үйлүү кыргыздын образын тереңдетип ачып берүүдө, алардын жан дүйнөсүндө болуп жаткан бороондун токтоп, алдыда кең келечек менен жаркын жашоо турганын манасчы жаңыдан таң атып келе жаткандагы Ак-Талаанын сүрөттөлүшү аркылуу элестүү чагылдырат. Ал жерден орун алган кыргыздардын андан ары тукум улап, кайрадан жашоосун уланта тургандыгы, баткан күнү кайрадан чыга тургандыгы таңдын атышы менен көркөм параллель берилет, Бул тууралуу: «Ал эки көрүнүштүн структуралык байланышын көрсөтүү аркылуу баяндоонун эмоционалдуулугун күчөтүп, сүрөттөлүп жаткан окуяга, сценага ачыктык, тактык киргизип турат» дейт Сыдыков [Сыдыков А., 2006. 58-б.].
Адыр-бүдүр бел экен,
Абыдан сонун жер экен.
Бөөт көлчүк сазы бар,
Бөлүнгөн өрдөк-казы бар [Манас. 2010. 40-б.]
Кызгалдак чөбү кылкылдап,
Кымыздык чөп, ышкыны
Тегиз бышып былкылдап,
Жаткан экен Ак-Талаа.
Ортосунда оргуган булак суусу бар, Жылтыргандуу шыбагы Жыргалдуу экен убагы. Суу боюнда өзөнү,
Бу жерге басып адам келбеген
Элкин экен жерлери [Манас. 2010. 40-б.]
Эпосто жаратылыштын түрдүү абалын сүрөттөгөн салттуу формалар кездешет. Эпостогу каармандардын, тактап айтканда, Манас жана анын чоролорунун ата журтуна келген кездеги же жаңы бир жерди көргөндөгү психологиялык абалын берүү үчүн жана аны элестүү чагылдыруу үчүн ошол жердин пейзажын сүрөттөөдө салттуу формалар колдонулган. Мисалы, Акбалтайдын кеңеши менен Кошойду издеп бара жаткан Манас жолдо сонун жер, сонун көл көргөндөгү; ал эми кырк үйлүү кыргыз журтун баштап, жанына Катагандын кан Кошойун алып, туулуп-өскөн жерине көчүп бараткан Манас “Таш-Кечүү деген тумшуктан, айлампалуу урчуктан” кечип чыккан кезинде “каркылдаган карга жок, куркулдап учкан кузгун жок” «Сары-Өзөн ата» деген жерге келип, жети күн туруп калат. Ошондогу Сары-Өзөндүн; ошондой эле жолдо келе жатып Катагандын кан Кошойу өз жери Ат-Башыга, нойгуттун каны Акбалтай Сары Колго бөлүнүп кеткенден кийин кырк үйлүү кыргыз ата-бабасынын туулуп-өскөн жери Таласка көчүп келишет. Ошол кездеги Таластын сүрөттөлүшүндө «кумунун үстү чийилип, талынын башы ийилип», «алмасы бышып көң болгон, жаңгагы бышып сай толгон», «чырпыктары чынардай, чынарлары мунардай, чымчыктарын карасаң, тоодо улуган улардай», «кескелдирик жыландай, жыландарын карасаң, тогуз кулач аркандай», «Алда Талаа кудурет, жан жараткан ар кандай» деген сыяктуу салттуу кайталоолор менен табигаттын мурда сүрөттөлгөн көрүнүшүнө кайрадан кайрылып, манасчы андагы белгилерди, көркөм көрүнүштөрдү кылдат баамдап, элестүү тарта билген. Ал эми жогоруда берилген салттуу кайталоолор каармандардын маанайына жараша, алардын образын тереңдетип ачуу максатында, бейпил турмушту, тынч жашоону, ал жерди жердеген адамдын токчулукта, молчулукта жашарына кепил болуп, жаратылышы бай, аңчылыкка, мал жайлоого ылайыктуу жер экенинен кабар берип, пейзаждын чагылышы түрдүү көркөм ыкмалар, туруктуу кайталоолор, салыштыруулар аркылуу сүрөттөлөт.
«Манас» эпосунда пейзаж эки түрдүү реалисттик жана эпикалык оозеки чыгармачылыктын мыйзам-ченемине ылайык салыштыруу, фетиштик, анимисттик предметтердин керемети менен чагылдыруу арбын [Манас энциклопедиясы. 2-т. 1995. 152-б.], Каралаевдин айтуусунда «Манас» эпосу эпикалык чыгармачылыкка мүнөздүү апыртуу, көөнө мифтик ойломго ылайык салыштырууларга бай. Мисалы:
Эркин экен талаасы,
Бөрсө деген бир жан бар
Курсагынын бөрсөңдөп,
Чыгып жүрөт баласы.
Түрлүү-түрлүү жаныбар
Жан көрбөс жандын баары бар.
Киши кийик, төө кийик
Адырында мунусу.
Элкин жаткан жер экен,
Мунун аягын Алтай дээр экен, [Манас. 2010. 40-б.], –
деп, айдалып барган кырк үйлүү кыргыздын алдын жаркын жашоо күтүп турганын, келген жерлеринин ажайып кооздугу, мал-жанга жайлуу, жан-жаныбарга бай, көчмөндөрдүн жашоосуна ыңгайлуу экени Ак-Талаанын көркөм сүрөттөлүшүндө эпикалык салыштыруулар менен берилет.
Саякбай Каралаев өзүнө чейинкилердин да, өз мезгилинин да жана андан кийинки да манасчылардын ичинен өзүнүн айтуучулук чеберчилигине, дараметине, талантына, элестүү ой жүгүртүүсүнө жараша башка манасчылардан кескин айырмаланып, анын аткаруусундагы эпостун көркөмдүк-эстетикалык сапаттары, мазмундуулугу, идеялуулугу, калың элге жеткиликтүүлүгү менен жогорку эстетикалык маани-маңызга ээ.