Элмира Гайдаровна ХУРИБАЕВА
филология илимдеринин кандидаты
Экономика жана ишкердик университети
Жалал-Абад/Кыргызстан
kanbanutum@mail.ru
Пахтачылык – дыйканчылык өнөрлөрүнүн бир тармагы. Ал техникалык өсүмдүк болуп саналып, эл чарбасына абдан керек.
Пахта өсүмдүгү жана ал өсүмдүктүн пайда болушу тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзүп келип өзбек окумуштуусу Т. Захидов жер бетинде адамдардын ар кандай нерселерден кийим жасагандыгы, пахта сыяктуу башка өсүмдүктөрдүн болгондугу туурасында сөз кылган (Захидов, 1957. 1: 25-32). Эмгекте пахта жөнүндө айтып келип, байыркы дүйнөнүн кишилери гозону дарак же бута деп аташкандыгы, анын мөмөсүн алмага, жаңгакка салыштырышканы сыяктуу байыркы адамдарда мына ушундай примитивдүү ойлордун болгондугу тууралуу кызыктуу ойлорду айтат. Маалыматтарга караганда, гозонун чоң дарак сымал формасы жана дарактын кичинекей бир бутагындай формасында да болгондугу тууралуу божомолдонот. Орто кылымдардагы адабияттардын маалыматтары боюнча «гозолору дарактай, талдай болуп он жыл бою тынбай мөмө берет» деп, болжолу баш аламан сүрөттөлгөн болуш керек, ал мөмө берүүчү өрүк, шабдалы, алча, тыт дарактары жөнүндө маалымат болгондугу да жазылган.
Атактуу саякатчы Марко Поло да Борбордук Азияда кездеме материалдарынын алгачкы жолу пайда болгондугу, ошол жерлердеги жергиликтүү калк болсо кездемелер менен соода-сатык иштерин жүргүзүшкөндүгү жөнүндө айтып өткөн.
Бирок пахта өсүмдүгү Орто Азия өлкөлөрүндө эгилип өстүрүлгөнгө чейин башка жерлерде бир канча өлкөлөрдө өстүрүлүп келгендиги белгилүү. Мисалы, алардын катарына Кытай, Америка материги, Индия, Египет жана башка аймактар, өлкөлөр, мамлекеттер кирет.
Кыргыз тилинин лексикасы ар кандай сөздөрдөн туруп, миңдеген жылдар бою куралып келе жатат. Анын тутумунда күндөлүк турмушта, тиричиликте колдонулган сөздөр, тууганчылык байланыштар боюнча адамдардын бири-бирин атагандагы сөздөр, жаратылыштагы көзгө көрүнгөн нерселердин аталыштары, жаныбарлардын аттары, ар түрдүү буюмдардын аттары, ар кандай түстөрдү, башка касиеттерди билдирген сөздөр жана башка, кыскасы, толуп жаткан топторду түзгөн сөздөр бар. Мына ошолор менен бирге адамдар өздөрү жасап алган буюмдарына айткан сөздөр, иштеп жүргөнүндө пайда болгон сөздөр, кандайдыр бир нерсени өндүргөндөгү жаңыдан пайда богон сөздөр да тилдин лексикалык составына кошулуп, тилдин лесикасын толуктап байытып келе берет.
Тил илиминде лексика негизги орунда турат. Лексиканын тилдик бирдиги сөздөр болуп эсептелип, сөздөр бир нерсени туюндуруп маани берет. Лексика деген тилдеги сөздөрдүн жыйындысы болот, ал эми тилдин грамматикасы үчүн дайыма лексикалык бирдиктер мисал болуп келет. XX кылымдын 20-жылдарында кыргыз тили боюнча биринчи окуу китептер жазылганда, Касым Тыныстанов тарабынан кыргыздын бай лексикасынан мисалдар келтирилген. Сөздөрдү ал сырткы түрүнө карай экиге бөлүнөт, деп аларды мүчөлөмө сөздөр жана сенек сөздөр деп бөлүштүргөн (Тыныстанов, 1927: 19). К. Тыныстанов мектеп окуучулары үчүн гана китеп жазып, 1930-жылдардын аягында ак жеринен репрессияга туш болуп, курман болгон. Кыргыз тили, тактап айтканда, кыргыз тилинин грамматикасы боюнча алгачкы китепти жараткан улуу тилчи К.Тыныстановго ошентип кыргыз тилинин бардык бөлүмдөрүн, анын ичинде лексикасын изилдөө насип кылган эмес.
Азыркы кыргыз тилинин лексикасынын илимий максатта атайын изилдениши, негизинен, XX кылымдын экинчи жарымынан башталган десек жаңылыштык болбос. Бирок, анын жыйналышы, иреттелиши, тартипке келтирилиши, сөздүк болуп жарыяланышы XX кылымдын биринчи жарымында эле ишке ашкан. Бул иш атактуу окумуштуу Константин Кузьмич Юдахиндин өлбөс-өчпөс эмгеги менен жүзөгө ашкан. Азыркы кыргыз тилинин сөздөрүн, лексикасын биринчи жолу жыйнап, иреттеп, кыргызча-орусча сөздүк кылып ал 1940-жылы жарыялаган. Бул сөздүктө кыргыз тилинин лексикалык составынын дээрлик бардык тармагындагы сөздөрдүн топтору чагылдырылган, жалпы элдик лексика менен бирге ар түрдүү кесиптик сөздөр, терминдер, адабий тилден орун ала турган диалектилик сөздөр да кеңири чагылдырылган.
Константин Кузьмич Юдахин сөздүккө диалектилик сөздөрдү да, айрыкча кыргыз тилинин түштүк диалектилерине, говорлоруна тиешелүү болгон сөздөрдү мол киргизген. Мына ошолордун ичинде пахта өсүмдүгүнө, аны асыроого байланыштуу сөздөр да чагылдырылган.
Кыргыз тилинин лексикалык составы салыштырма-тарыхый метод ыкмасы менен академик Болот Мураталиевич Юнусалиев тарабынан изилденген. Окумуштуу сөздөрдүн составдык түзүлүшүн иликтеп, уңгу сөздөрдүн түзүлүшүнө, алардын муундук түзүлүшүнө, уңгулардын байыркы көрүнүш абалына изилдөө жүргүзгөн (Юнусалиев, 1956;1959). Кыргыз тилиндеги уңгу сөздөр негизинен бир муундуу сөздөр болуп, жалпы түрк тилдеринин лексикалык составынын негизги бөлүгүн түзөөрү, монгол тилдери менен тектештикти далилдөөгө карата бай материалдарды бере тургандыгы айтылат. Кыргыз жана монгол тилдериндеги белен, сонун, каалга, келегей (Юнусалиев, 2005: 420) деген өңдүү сөздөрдүн мисалында кыргыз тили менен монгол тилдерине орток сөздөрдүн мол экендиги, мындай сөздөрдүн башка түрк тилдеринде жолукпагандыгы байыркы замандарда кыргыздар монголдор менен жанаша жашап, кошуна болгондугуна күбө деп далилдейт.
Кыргыз тилинин лексикалык составы академик Б.Ө.Орузбаеванын бир нече эмгектеринде каралат. Анын кыргыз тилинин сөздөрүнүн жасалышына арналган монографиясында (Орузбаева, 1964) лексикалык составдын байышындагы сөз жасоонун, жаңы сөздөрдүн пайда болушунун мааниси зор экендиги көрсөтүлгөн. Тилдин негизги бирдиги болуп сөз эсептелип, лингвистикалык изилдөөлөрдө айрыкча сөздүн өзгөчө орду бар экендиги, алардын улам жаңылары жаралып, пайда болуп тураары, сөздөрдүн жасалышында сөз жасоочу атайын жолдордун болоору тууралуу сөз кылынат. Кыргыз тилинин лексикалык составы сөз жасоонун морфологиялык, синтаксистик, лексика-семантикалык жолдору менен толукталып байый тургандыгын абдан көп мисалдарды келтирип, далилдүү ойлорду айтуу менен жазган. Академиктин башка эмгектеринде да кыргыз тилинин терминологиясынын, сөздүк составынын тутумдук түзүлүшүнүн изилдениши тууралуу ойлордун айтылгандары бар.
Профессор Карбоз Дыйканов да кыргыз тилинин сөздүк составына байланыштуу изилдөөлөр жүргүзүп, анын тарыхый өңүттөн каралышына назар салган (Дыйканов, 1980). Кыргыз тилинин лексикалык составынын байлыгы, К. К. Юдахин түзгөн кыргызча-орусча сөздүктө К. К. Юдахин көрсөткөндөй кырк миң сөз эмес, отуз жети миң беш жүз он бир сөз бар экендиги белгиленген (Дыйканов, 1980: 149).
Жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн жазылган бир нече окуу китептерде, окуу куралдарда да кыргыз тилинин лексикалык составы чагылдырылып, лингвистикалык талдоолорго алынып (Мамытов, 1971; Ахматов, 1978; Сапарбаев, 1997; Усубалиев, 2007), кыргыз тилинин лексикасынын лексика-тематикалык катмарлары тууралуу сөз болгондо мисалдарынын катарынан пахтага байланыштуу сөздөр жолугат. Бирок аларда пахтачылыкка бйланыштуу сөздөр, пахтачылык лексикасы атайын бөлүнүп көрсөтүлгөн эмес, айрымдарында болсо пахтага байланыштуу сөздөр келтирилген мисалдардын катарында да жолукпайт.
Пахтачылыкка тиешелүү болгон сөздөр, алардын жыйналышы лексикалык изилдөөлөрдө, лексикология боюнча жарыяланган окуу китептер жана окуу куралдары тарабынан камтылат. Мындай мүнөздөгү изилдөөлөрдүн, окуу китептердин, окуу куралдардын жаралышы пахтачылык менен эмгектенген элдердин тилинде ишке ашыш керек деп эсептейбиз. Биздин аймагыбыз, Орто-Азияда пахтаны эгип, өстүрүп, пахтачылык менен эмгектенген мамлекеттерге Өзбекстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан Республикасы жана Кыргыз Республикасы кирет. Пахта Казакстан Республикасынын да түштүк райондорунда эгилип айдалган, бирок кийинки кездерде ал солгундап калган.
Ошентип биз, негизинен Өзбекстан Республикасындагы эмгектерге кайрылып, өзүбүздүн ишибизге салыштаруу үчүн аз болсо да материалдарды таптык.
Пахтачылыкка түздөн-түз тиешеси бар бир гана адабият менен таанышууга мүмкүнчүлүк болду. Н.Маматов өзбек тилинин пахтачылыкка тиешелүү терминдердин кыскача түшүндүрмө сөздүгүн жарыялаган (1959). Эмгекте терминдерден тышкары да пахтачылык кесибин чагылдырган сөздөр да көп камтылганына карабастан «терминологиялык сөздүк» болуп ишке ашырылган. Автор абдан көп сүздүрдү жыйнап чыгып, аларды иретке келтирип, маанисин түшүндүрүп, көркөм адабияттан, газеталардан, журналдардан мисалдарды келтирип талдап чыккан. Пахта, анын бөлүктөрүнүн, сортторунун, пахтаны өстүрүүгө тиешелүү болгон учурлардын аттары жана башка толуп жаткан сөздөр жыйналып түшүндүрүлгөн. Пахтаны эккенге жерди даярдоо, азык заттар менен азыктандыруу сыяктуу процесстердин аталыштары да чогултулган.
Өзбек тилинин лексикалык составынын байышына зор салым кошкон бул баалуу эмгекке болжол менен бир миңге жакын сөздөр, туруктуу сөз айкаштары, макалдар, ылакаптар чогултулуп, алардын берген маанилери түшүндүрүлүп берилген. Автордун мына ушундай зор эмгегин пайдаланып жатып, өзбек тилинин кесиптик лексикасынын ушул тармагы боюнча тиешелүү илимий иш аткарган болуш керек деген ойдо болдук. Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасынан автордун ушул жаатта жазган макалаларынын, же монографиясынын бар экендиги тууралуу маалыматты ала албадык. Биздин китепканаларда өзбек тили боюнча жазылган адабияттарды жолуктура албадык.
Мындан тышкары өзбек тилинин түшүндүрмө сөздүгүн атап кеүүгө болот (УТИЛ). Эки томдук болуп Москвадан чыккан бул көлөмдүү эмгекте пахтанын өзүнө, анын айрым бөлүктөрүнө, пахта айдоолорго жана теримге тиешеси бар бир топ сөздөрдүн чагылдырылганын байкадык, тиешелүү жерлерде салыштыруу үчүн пайдаланган жайларыбыз да болду.
Андан тышкары Т. Захидовдун эмгегин пайдаландык. Албетте, айыл-чарба илими боюнча жүргүзүлгөн ушул изилдөөдө лингвистикага тиешелүү ойлор айтылбайт, бирок, жерди даярдоого, жер иштетүүгө байланыштуу болгон кээ бир сөздөрдүн чагылдырылганы байкалды (Захидов, 1957).
Өзбек тилинин кесиптик лексиксы терең изилдөөлөрдү жүргүзгөн С.Ибрагимовдун эмгектерин да карап чыктык. Бирок, негизинен, Фергана аймагында айтылган кесиптик сөздөргө басым жасаган бул окумуштуу мал чарбачылыгына тиешелүү болгон сөздөргө, анын ичинен да жылкыга байланыштуу болгон сөздөргө айрыкча басым жасаган (Ибрагимов, 1959, 1961). Ошентип, өзбек тилинин кесиптик лексикасына арналган бул эмгектерден пахтага тиешелүү болгон сөздөр абдан аз жолукту. Албетте, иштин, изилдөөнүн негизги максаты, автор өзү көрсөтүп өтүп, пахтачылык сөздөрүнөн алыс болгон Э.Бегматовдун азыркы өзбек адабий тилинин лексикалык катмарлары боюнча аткарган илимий эмгеги, монографиясынан да пайдаландык (Бегматов, 1985). Көлөмдүү бул монографияда өзбек тилинин лексикалык составы, түзүлүшү, тарыхый катмарлары, тематикалык топтору жана өзбек тилинин лексикалык составынын байышы сыяктуу маселелер талдоого алынып, абдан кылдат изилденген. Өзбек тилинин активдүү лексикалык составын лексика-тематикалык жактан 26 топко бөлүп карап чыгып, алардын ар бирине мисалдарды келтирип көрсөтөт (Бегматов, 1985: 11-12), бирок ошол лексика-тематикалык топтордун катарында пахтага, пахтачылыкка байланыштуу болгон сөздөр тобу жок. Албетте, кесиптик сөздөрдүн ичинен пахта кесипчилигине кайрылбаганы эмгектин кемчилдигине жатпайт деп эсептейбиз. Демек, пахтачылык абдан күчтүү өнүккөн Өзбекстан Республикасында да пахтага, пахтачылыкка тиешелүү болгон сөздөрдү чогултуп атайын изилдөөлөрдүн салыштырмалуу аз жүргүзүлгөн болуш керек деп эсептөөгө негиз бар.
Ал эми бул темага байланыштуу тажик тили жана түркмөн тили боюнча эмгектердин бар же жок экендиги бизге белгилүү болбоду.
Кыргыз тилинин түштүк говорлорунун пахтачылыкка байланыштуу болгон сөздөрү жалпы эле диалектилик лексиканын лексика-тематикалык бир катмары болуп саналат. Ал эми кыргыз тилинин диалектилик лексикасы атайын бөлүнүп изилденбегени менен, диалектологиялык бардык илим-изилдөөлөрдүн алкагында алардын мисалдар катары болсо да каралып кеткен жайлары бар.
Баарынан мурда кыргыз тилинин диалектилик лексикасы улуу окумуштуу К.К. Юдахиндин назарына илинип, ХХ кылымдын биринчи жарымынан баштап жыйнала баштап, анын кыргызча-орусча сөздүгүнүн эки басылышында (1940-жылдагы басылышында да, 1965-жылдагы басылышында да) тең чагылдырылган.
К.К.Юдахин түзгөн кыргызча-орусча сөздүктүн 1965-жылдагы басылышында кыргыз тилинин түштүк говорлорунда (диалектилеринде) айтылып жүргөн пахтачылыкка тиешелүү сөздөр бир топ эле катталган. Төмөндө сөздүктөгү мына ошол сөздөрдөн бир нече мисалдарды келтирели.
агет ир. южн. [әгәт] грядка на хлопковом поле; агет сал- или агет тарт- делать грядки; жерди айдап бүткөндөн кийин агет тартып (или салып) койот после того, как кончат пахать землю, копают грядки (Юд., 20).
барик ир. мелкие веточки (Юд., 110). Бул сөздүн биз бәрк деген түрүн каттаганбыз, сөздүктө бул варианты жок.
гозо ир. хлопок (растение), гуза (Юд., 177).
гозопая ир. 1. стебли хлопка (с которых уже сняты коробочки); 2. (иногда) хлопок (растение); чала ачылган гозопаялар хлопок с еще только кое-где раскрывшимся коробочками (Юд., 177).
жегене ир. южн. [жәгәнә] одинокий, единственный: козолорду жегене кылуу с.-х.
прореживание хлопчатника (Юд., 242).
жегенеле- южн. [жәгәнәлә-] с.-х. прореживать (хлопок) (Юд., 242).
жөөк южн. грядка (гл. обр. на огороде, бахче, хлопковом поле) (Юд., 265).
чабыкчы работающий на окучке (растений); козо чапкан чабыкчылар работающие на окучке хлопка (Юд., 831).
шана ир. бутон хлопчатника; шана байла- то же, что шанала- (Юд., 900).
шанала- (о хлопчатнике) завязывать бутоны; гозолор тегиз шаналады весь хлопчатник завязал бутоны (Юд., 900).
К. К. Юдахин түзгөн кыргызча-орусча сөздүктөн пахтага, пахтачылыкка тиешелүү мисалдарды абдан эле көп келтирүүгө болот. Биз ушул эле мисалдарды жетиштүү деп эсептедик. Көрүнүп тургандай, кыргызча-орусча сөздүктө пахтага, пахтачылыкка тиешелүү болгон сөздөрдүн дээрлик бардыгына түштүк диалектилердеги (говорлордогу) сөз экенин билдирген белги, автор тарабынан южн. деген белги коюлуп, алардын кыргыз тилинин түштүк диалектилерине (говолоруна) тиешелүү сөздөр экендигин көрсөтүп жазылган. Ошону менен бирге мына ушул кыргызча-орусча сөздүктө эле дыйканчылыктын бир түрү болгон пахтачылыкка байланыштуу сөздөрдүн кыргыз тилинин түштүк диалектилеринде (говорлорунда) колдонулгандыгын айгинелеп, негизинен, алардын дээрлик бардыгынын иран тилдеринен өздөштүрүлгөнүн көрсөтүп турган ир. деген белги да коюлуп жазылган. Мына ошол сөздөрдүн кабыл алынган негиздерден сөз жасоочу мүчөлөр менен жасалган сөздөргө гана автор ир. деген белгини койгон эмес, анткени алар жаңыдан жасалган сөздөр болуп, уңгусу (негизи) башка тилден кабыл алынганына карабастан кыргыз тилинин сөз жасоочу каражаты менен жасалып, ошол жаңыдан жасалган сөз кыргыз тилинин өзүнүн сөзү болуп саналат.
Пахтачылыкка тиешелүү болгон жогорку мисалдарда көрсөтүлгөн жана биздин мисалыбызга кирбеген сөздөрдүн кыргыз тилинин түштүк диалектилеринин (говорлорунун) сөздөрү экендигинен улам алардын азыркы кыргыз алфавити менен жазылышы кыйын болгондуктан кыргызча-орусча сөздүктө академик К. К. Юдахин кошумча тамга белгилерин колдонуу менен кыйынчылыктан чыга алган (әгәт, жәгәнә, жәгәнәлә- ж.б.).
Албетте ,атактуу түрколог, лингвист К.К.Юдахиндин түзгөн кыргызча-орусча сөздүгүндө азыркы кыргыз тилинин түштүк говорлорунун пахтачылыкка байланыштуу сөздөрүнүн бардыгы чагылдырылган деп айтуудан алыспыз. Анткени, биринчиден, бул эмгек (кыргызча-орусча сөздүк) атайын лексикологиялык илим-изилдөө иши эмес, сөздүк, котормо сөздүк болуп саналат. Экинчиден, К.К.Юдахиндин түзгөн кыргызча-орусча сөздүгү диалектологиялык сөздүк эмес. Ал эми бул котормо сөздүктүн милдетине диалектилик (говордук) сөздөрдүн бардыгын киргизүү милдети тагылбайт.
Дагы бир академик Игорь Алексеевич Батмановдун диалектологиялык изилдөөлөрүндө да диалектилик лексика чагылдырылган (Батманов, 1938). Анын изилдөөлөрү кыргыз тилинин түндүк диалектилерин гана изилдеген иш болгон, ошондуктан андагы диалектилик сөздөрдүн катарында пахтага, пахтачылыкка байланыштуу сөздөр жокко эсе.
Диалектилик лексиканын изилдениши академик Болот Мураталиевич Юнусалиевдин эмгектеринде да чагылдырылган. Негизинен, кыргыз тилинин лексикасы боюнча изилдөөлөрдү көп жүргүзгөн окумуштуу кыргыз тилинин диалектилеринин тыбыштык түзүлүшү, диалектилердеги грамматикалык өзгөчөлүктөр тууралуу илимий макалаларын жарыялап, диалектология боюнча да көп эмгектенген.
Анын диалектологиялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы катары жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн жазылган Кыргыз диалектологиясы окуу китебин айтсак болот. Академик Б. М. Юнусалиевдин бул эмгегин, Кыргыз тилинин диалектологиясын, анын окуучусу профессор Ш. Жапаров жарыялап, анда кыргыз диалектилеринин фонетикалык жана грамматикалык өзгөчөлүктөрү менен бирге диалектилик лексика да кеңири чагылдырылган. «Фонетикага, морфологияга, синтаксиске караганда тилдин сөздүк составы бир кыйла өзгөргүч келет» (Юнусалиев, 1985: 224), деп жазып мезгилдин өтүшү менен кайсы бир сөздөрдүн эскирип унутулушу жана кайсы бир себептер менен жаңы сөздөрдүн пайда болушу сыяктуу тилдик кубулуштардын диалектилерде да болуп турушунун мыйзамдуу экенин белгилеген.
Кыргыз тилинин түндүк жана түштүк диалектилериндеги лексикалык айырмалар тууралуу сөз кылып келип, «… эки жүз жылга жакын (XVIII кылымдын ортосунан XX кылымдын башына чейин) мезгилде түндүк диалекти башка тилдердин таасирин көп сезбей өзүнчө түнт шартта өнүккөндүктөн, лексикада көп өзгөрүш байкалбаса, түштүк диалектилер ошол эле мезгилде коңшу уйгур, өзбек, тажик элдери менен тыгыз экономикалык (соода-сатык) жана саясий байланыштарда болгондуктан, ал тилдерден көп сөздөрдү өздөштүрүп алгандыгын көрөбүз» (Юнусалиев, 1985: 225) деп жазып, диалектилик лексиканын пайда болуш жолдорун аныктап көрсөтөт. «Кыргыз тилиндеги диалектилик лексиканын төмөнкү жолдор менен пайда болгондугун көрөбүз:
Тыбыштык өзгөрүштөр аркылуу;
Сөздүн семантикалык маанисинин өзгөрүшү натыйжасында;
Морфологиялык өзгөрүштөргө байланыштуу;
Башка тилдерден кабыл алууларга байланыштуу» (Юнусалиев, 1985: 225) дейт да, кыргыз тилинин диалектилик лексикасынын составында башка тилдерден өздөштүрүлүп алган сөздөрдүн абдан көп экендигин белгилеген. Түштүк говорлордо өзбектер, уйгурлар, тажиктер менен коңшу жашагандыктан кээ бир төл сөздөр пассивге өтүп кетип, алардын ордун башка тилдерден кабыл алынган сөздөр ээлегендиги тууралуу көрүнүшкө бир нече мисалдарды келтирип жазган. Натыйжада, кыргыз тилинин диалектилик лексикасынын катмарларында башка тилдерден өздөштүрүлүп алган сөздөр мол болуп, анда монгол лексикасынын катмары (Юнусалиев, 1985: 234), иран тилдеринен кыргыз тилине оошуп келген сөздөр (Юнусалиев, 1985: 235-240), араб тилинен келип кирген сөздөр (Юнусалиев, 1985: 240-244), орус жана интернационалдык лексиканын (Юнусалиев, 1985: 244-250) катмарлары бар экенин атайын мисалдарды келтирүү менен белгилеп өткөн.
Бирок, Б. М. Юнусалиевдин эмгеги жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн жазылган окуу курал болгондуктан анда диалектилик лексиканын ичинен кайсы бир лексика-тематикалык тармагы атайын бөлүнүп алып жазылган эмес. Ошондуктан анда пахтага байланыштуу айрым бир сөздөрдүн чагылдырылганы менен, кыргыз тилинин түштүк говорлорунун пахтачылык лексикасы кеңири орун албаган.
Кыргыз тилинин диалектилик лексикасынын изилденишин белгилүү диалектолог-окумуштуу Гүлжамал Бакинованын изилдөөлөрүнөн, жарыялаган эмгектеринен көрөбүз. Г.Бакинова кыргыз тилинин дээрлик бардык диалектилерин изилдеп чыгып, жеке өзү да, башка окумуштуулар менен авторлош болуп да бир нече монографияларды жарыялаган. Кыргыз тилинин Октябрь (азыркы Жалал-Абад областынын Сузак районунун тоо тарабы ушундай аталыштагы район болуп турган – Э.Х.) районунун говору боюнча илим-изилдөө ишин аткарган (Бакинова, 1953).
Белгилүү окумуштуу Гүлжамал Бакинова Ош областында жашаган кыргыздардын тилин изилдеп чыгып көлөмдүү монографиясын жарыялаган. Областтын аймагын изилдөө үчүн атайын диалектологиялык топ түзүлүп, бардык областтарды кыдырып чыккандыгын, лексикалык жана грамматикалык мол материал жыйналгандыгын айтып келип, говорлордун тилиндеги фонетикалык, грамматикалык жана лексикалык айырмачылыктарга кеңири токтолгон. Эмгекте кыргыз тилинин Ош говорлорун Оштун күн чыгышы жана Оштун күн батышы деп экиге бөлөт, бирок бул эки топтун ортосунда диалектологиялык айырмачылыктарды ачып берген эмес. Оштун күн батышы тарабындагы кыргыздардын тилин ичкилик урууларынын говору деп белгилеп көрсөтөт.
Кыргыз тилинин Ош говорлорунун лексикалык өзгөчөлүктөрүн атайын лексика-тематикалык топторго бөлүп карап чыгып, дыйканчылыкка байланыштуу болгон сөздөрдүн катарында пахтачылыкка байланыштуу болгон бир нече сөздөрдү каттап өткөндүгүн көрөбүз.
дәәнә — суунун кулагы;
катек – пахтанын катары;
кәрта – пахтанын аянты;
козо, гозо, косек, козек – пахта өсүмдүгүнүн өзөгү; козопая – пахтаны терип алгандан кийин калган сөңгөгү;
көрәк – пахтанын гүл ачпай калган коробочкасы ж. б. (Бакинова, 1956: 91-92-б.).
Г. Бакинованын башка окумуштуулар менен авторлошуп жарыялаган дагы бир эмгеги Жалал-Абад областындагы кыргыз тилинин говорлорунун тилин изилдөөгө арналган (Бакинова, 1958). Областтын бардык райондорунун тилиндеги тыбыштык, грамматикалык жана лексикалык диалектилик, говордук өзгөчөлүк белгилерге токтолуп чыгып, лексикалык материалдарды тематикалык топтору менен келтирет, бирок, аларда пахтага жана пахтачылык өнөрлөрүнө байланыштуу болгон сөздөр бирин-серин гана жолугат.
Албетте, Г. Бакинованын жана ал жетектеген топтун максаты жалпы диалектилик изилдөө болгондуктан, ири-ири гана лексика-тематикалык топтор тууралуу сөз болуп, пахтачылыкка тиешелүү болгон сөздөр дыйканчылыкка байланыштуу лексика деген лексика-тематикалык топтун ичинде каралып кеткен.
Белгилүү диалектолог-лексиколог окумуштуу Э.Абдулдаевдин эмгектеринде да бегилүү деңгээлде кыргыз тилиндеги, анын айрым говорлорундагы пахтачылыкка тиешелүү болгон сөздөрдүн чагылдырылган жайы бар (Абдулдаев, 1966; 1998). Кыргыз говорлоруна жыйынтык изилдөөлөрдү жүргүзгөн эмгегинде кыргыз тилинин түштүк говорлорундагы айрым бир өз ара айырмачылыктардын мына ушул пахтачылакка байланыштуу сөздөрдөн экендигин аныктаган (Абдулдаев, 1966).
Кыргыз тилиндеги диалектологиялык изилдөөлөрдүн эң негизгиси профессор Жээнбай Мукамбаевдин калемине таандык. Лингвистиканын дыйканы Ж. Мукамбаевдин көп жылдык талыкпас эмгегинин натыйжасы болуп анын кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүн жараткандыгы болуп саналат. Кыргыздар жашаган дээрлик бардык жерлерди кыдырып чыгып, он миңдеген сөздөрдү жыйнап алып, аларга лексикографиялык, лексика-семантикалык анализдерди жүргүзүп диалектологиялык-түшүндүрмө сөздүк кылып иштеп чыккан. Анын өлбөс-өчпөс эмгеги сөздүк болгондуктан, пахтачылыкка тиешелүү сөздөр атайын тематикалык топ болуп өзгөчөлөнгөн эмес.
Автордун көзү тирүүсүндө биринчи гана тому жарыкка чыгып, ошонусу да авторго кубаныч алып келе албай, бийликтегилерден жеме угуп, калган томдору жарыяланбай калган. Биз мына ошол 1972-жылы жарыкка чыккан анын сөздүгүнүн биринчи томун пайдаландык. Тилекке каршы, Ж.Мукамбаевдин сөздүгүнөн пахтага, пахтачылакка тиешелүү сөздөрдү табуу кыйынга турду. Түштүктүн Кара-Суу, Араван, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан катталган сөздөр жокко эсе болуп чыкты. Пахтачылык мына ушул райондордо өнүккөн.
Диалектолог профессор Ш.Жапаровдун чыгармачылыгында да (Жапаров, 1982; 2001) түштүк райондорунун пахтачылыкка тиешелүү сөздөрдү жолуктурдук. Пахтага жана пахтаны өстүрүү өнөрлөрүнө байланыштуу сөздөрдүн говорлордо айтылышындай жазылып транскрипцияланышын биз көбүнчө Ш.Жапаровдун эмгектерине таянып жүргүздүк десек жаңылыштык болбос.
Өзбекстандык кыргыздардын тилиндеги өзгөчөлүктөр боюнча жазылган монографиялардан (Жумалиев, 1983; 1991) да биз методологиялык үлгүлөрдү алдык.
Кыргыз тилинин сөздүк составындагы диалектилик сөздөр боюнча болсо изилдөөлөр булардан башка да бир топ арбын (Биялиев, 2000).
Пахтачылык өнөрлөрү Орто-Азияда дыйканчылык өнөрүнө байланышкан кесипчиликтеринин негизгилеринин бири болуп саналат. Ошого карабастан пахтага, аны өстүрүүгө, пахтаны иштетүүгө байланыштуу сөздөр, туруктуу сөз айкаштары тууралуу атайын лингвистикалык максатта жүргүзүлгөн илимий-изилдөөлөр ушул кезге чейин аз жүргүзүлгөн. Бул маселе кыргыз тили үчүн гана эмес жалпы түркологиянын эң мааанилүү көйгөйлөрүнөн деп эсептейбиз. Бир гана пахтачылыкка байланыштуу атоолор иликтөөгө алынбай жалпы кол өнөрчүлүк, дыйканчылык, айыл – чарба терминдери түркий тилдерде изилденсе деген ойдобуз.