Анвар Сатышевич ЖОЛДОШБАЕВ
Филология илимдеринин кандидаты
Экономика жана ишкердик университети
Жалал-Абад/ Кыргыз Республикасы
anvarsj69@mail.ru
Кыргыз антропонимиясынын мезгил жактан катмарларга бөлүнүшү кыргыз тилинин өнүгүү тарыхынын мезгилдик бөлүнүшүнө негизделип келген. Профессор Б.М. Юнусалиевдин аныктоосу боюнча кыргыз тилинин тарыхы үч доорго бөлүнгөн: I – алтай доору (тунгус – маньчжур, моңгол – түрктөр бирге жашаган мезгил), II – түрк доору (түрк өз алдынча, моңгол өз алдынча жашаган мезгил), III – кыргыз доору. Соңку доор үч этапка бөлүнгөн: I – этап – байыркы кыргыз этабы, II – этап – орто кыргыз этабы, III – жаңы кыргыз этабы.
Бул тууралуу А. Идрисов төмөндөгү сөздөрдү айткан:
“Кыргыз тилинин тарыхына байланыштуу тарыхый доорлор, этаптар проф. Б.М. Юнусалиев тарабынан туура белгиленген. Биздин оюбузча, алардын бардыгы тең тарыхый фактыларга негизделген. Ошондуктан адам аттарынын чыгышын, өнүгүшүн, калыптанышын талдоодо биз да жогоруда келтирилген тилдик доорлорду, этаптарды негизге алдык” [Идрисов, 1971: 16].
Кыргыз ысымдарынын мезгилдик катмарларга бөлүнүшү боюнча маселелер К. Дыйканов, А. Идрисов, Ш. Жапаров сыяктуу белгилүү илимпоздорубуздун эмгектеринде каралган. А. Идрисов, Ш. Жапаров бул маселе боюнча төмөнкүдөй маалымат беришкен:
А. Идрисовдун аныктоосу боюнча
I – Байыркы доордогу ысымдар;
II – Хун доорундагы ысымдар;
III – Эски түрк доорундагы ысымдар;
IV – Орто түрк доорундагы ысымдар;
V — Жаңы түрк доорундагы ысымдар;
VI – Октябрь революциясынан кийинки доордогу ысымдар [Идрисов, 1971: 17-43]. Ш. Жапаровдун аныктоосу боюнча
I – Хун доору;
II — Эң байыркы доор (же алтай доору) ;
III – Байыркы доор (же түрк доору);
IV – Орто доор (же кыргыз-алтай доору) ;
V – Жаңы доор;
VI – Кийинки (же советтик доор);
VII – Эң жаңы доор (20-21-кылымдан баштап) [Жапаров, 2004: 130].
Совет мезгилинде пайда болгон антропонимдерди кыргыз ысымдарынын белгилүү изилдөөчүсү Шералы Жапаров тарыхый-хронологиялык багытта өз учурунда төмөндөгүчө топторго бөлгөн:
I. Улуу Октябрь революциясынын жеңишине жана Совет бийлигинин орношуна байланыштуу коюлган аттар (1920-1930-жылдардын аралыгы);
Коллективдештирүү жана индустриялаштыруу учурунда пайда болгон антропонимдер (1930-жылдан Улуу Ата Мекендик согушка чейинки убак);
III. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда пайда болгон энчилүү адам аттары (1941-1946);
IV. Тынчтыкка жана өлкөбүздүн өнүгүп-гүлдөшүнө байланыштуу коюлган антропонимдер (1946-1970-жылдардын аралыгы);
V. Неологизм-антропонимдер (1971-1988-жылдардын аралыгы) [Жапаров, 1989: 20-21].
Кыргыз ысымдарынын мезгилдик катмарларга бөлүнүшү боюнча маалыматтын маанилүүлүгүн баса белгилөө үчүн Шералы Жапаровдун сөздөрүн эске салып кетсек: “Ар бир доордун өзүнө гана таандык (мүнөздүү) болгон, колдонулган адам аттары бар, ошондой эле ар бир доордогу антропоним белгилүү өлчөмдө аздыр-көптүр өзгөчөлүгү менен кийинки доордо кайталанган же элдик энчилүү киши ысымдарынын негизин түзүп, бара-бара антропонимдик фондуга айланган” [Жапаров, 2004: 130].
Кыргыз антропонимиясы боюнча буга чейин топтолгон маалыматтарды жыйынтыктап, биз кыргыз ысымдарынын мезгилдик катмарларына төмөндөгүдөй мүнөздөмөлөрдү берип, мисалдарды келтиребиз.
Байыркы доорлордо адамдар ар кайсы элестерге, нерселерге тирүүдөй жан, акыл-эс берип (анимизм), уруусу менен ар кандай жаныбарларга, өсүмдүктөргө жана жаратылыш кубулуштарына сыйынып (тотемизм), бакшыларга ишенип (шаманизм), байыркы түрктөр тутунган теңирчилик таасиринде болгон мезгилдер бардык түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын да, антропонимиясында белгилүү ысымдар катмарларын жаратып, ал ысымдар ушул күндөргө чейин сакталып келүүдө. Кыргыз ысымдарынын тизмесинде ошол доорлорго тиешелүү ысымдарды атап кетсек:
жаныбарлардын аталыштары боюнча
Арстан, Жолборс, Кабылан, Барс, Бөрү, Багыш, Булан (багыш), Теке, Бука, Буура, Күчүк, Дөбөт, Тайлак, Кочкор, Кундуз, Коён, Марал, Суусар, Бөкөн, Козу, Серке, Түлкү;
куштардын аталыштары боюнча
Бүркүт, Барчын, Борбаш, Торгой, Үкү, Жапалак, Таранчы, Жагалмай, Карлыгач, Кекилик, Бабыр, Шумкар;
балыктардын аталыштары боюнча Чортон, Чабак, Балык;
өсүмдүктөрдүн аталыштары боюнча
Ормон (токой), Арча, Жийде, Чынар, Буудайчы;
космоантропонимдер
Чолпон, Жылдыз, Үркөр, Жаркын, Ай, Күн, Жетиген ж.б.;
катуу, бышык заттардын, металлдардын аталыштары боюнча Темир, Болот, Таш, Алтын, Күмүш;
курч, бышык курал-жарактардын, эмгек куралдарынын, буюмдардын аталыштары боюнча Кылыч, Балта, Чокмор, Орок, Топчу, Чокой, Курмушу;
өң-түс, сырткы мүнөздөмөлөр боюнча
Куу, Ак, Кара, Сары, Аккөз, Көккөз, ;
теңирчиликтен келип чыккан теоантропонимдер Теңир, Эгем;
эсенчилик, күч-кубат, акыл-эс, байлык, токчулукту жана ырыс-кутту, сулуулукту каалоо-тилектерден, баамдоолордон келип чыккан ысымдар:
Эсен, Күч, Бай, Эр, Билге, Черик, Күлүк, Тирик, Кара (күчтүү), Эрке, Ырыс, Жыргал, Бөкө (күчтүү), Ток, Чыраш (сулуу) ж.б.
Жогоруда көрсөтүлгөн ысымдар алгачкы ысымдар тобуна кирет. Алар мааниси боюнча жана формасы боюнча жөнөкөй, бир компоненттүү, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн, жаратылыштын ар кайсы объектилеринин, ар кайсы заттардын жана буюмдардын аталыштары боюнча, ошол доорлордогу диний көз караштарга, жөнөкөй каалоо-тилектерге байланыштуу коюлуп келген.
Андан кийин адамдардын дүйнө таанымы кеңейип, коомдогу шарттар өзгөрүп, адамдын аты-жөнүнө болгон талаптар жогорулап, бөтөн элдердин таасиринде кийинки ысымдар топтору пайда болгон. Ал ысымдар шаңдуу жана татаал болуп, даңазалаган кошумча аттар пайда болуп, аларга титулдук терминдер кошулган. Түрк, Түргөш, Кыргыз, Уйгур, Карлук кагандыктарынын мезгилдеринен калган орхондук, чыгыш түрк, енисейлик, таластык, алтайлык тарыхый эстеликтердеги ысымдар ошол убактардагы антропонимикалык жараяндарды даана чагылдырышат: Аза-Тутук, Ак-Баш-Атык, Ак-Баш-Тутук, Алп-Йүрөк, Алп-Сол, Алп-Шалчы, Алтун-Тамган, Апа-Таркан, Бай-Апа, Барсбек (титулдук аты Ынанчы Алп Билге), Билге-Каган, Билге-Чыкшын, Биле-Тугма, Бумын-Каган, Иненчү, Йаглакар, Йалсака, Йарук-Тегин, Йаш-Ак-Баш, Йегин-Сылык-Бег, Йигин-Алп-Туран, Йол-Апа, Йолыг-Тегин, Йүкин-Тириг, Капаган, Байна, Кара-Барс, Кара-Кан, Кара-Чур, Көк-Амаш-Тутук, Күл-Билге-Каган, Күл-Тегин, Күлүг-Йиге, Күлү-Чур, Күмүл-Өге, Күни-Тириг, Күч-Барс, Күч-Күл, Күч-Кыяган-Ичреки, Күч-Өге, Моюн-Чур, Огул-Барс, Огурмыш, Өгдөм-Ынал-Алп, Өз-Билге, Сабык-Басар, Тай-Билге-Тутук, Тутук-Баш, Түлбери, Тонукук, Төлөш-Билге, Умач, Уры-Бег, Үрүң-Бег, Үчин-Күлүг-Тириг, Чочы-Бөрү, Ынанчу-Чур, Эзгене, Элбилге, Элтебер, Эл-Туган-Тутук, Элтерис-Каган, Эрен-Улуг ж.б.
Хун, Алтай доорлорунда уюткусу бир болгон моңгол тилдүү элдер менен (моңгол, калмак, ойрот, бурят) тарыхтын бир топ жанаша мезгилдеринде кыргыз ысымдарында алар менен ортоктош, окшош ысымдар тобу пайда болгон, алар: Айдар, Алтын, Баатыр, Балта, Байыр (кубаныч), Батма, Жамбы, Жайсаң, Жыргал, Күчүк, Ногой (ит), Олжо, Сарынжы, Телегей (бакыт-таалай), Түмөн, Улан (жаш, кызыл), Чолпон, Чыңгыз, Черик (аскер), Чоно (карышкыр), Эсен ж.б.
Жаңы доордо же Ислам доорунда бара-бара кыргыздын Алтын, Эсен, Баатыр, Мерген, Ырыс, Балтабай, Кылыч, Койчу, Козубай, Жылдыз, Чолпон, Суусар, Кундуз, Карачач, Жолборс, Карагул, Карабек, Бөрүбай, Жаңыл, Топчу, Бүркүт, Тынар, Барчын, Арчабек, Айсулуу, Күмүшай, Черик, Кочкор, Текебай, Марал жана башка ушул сыяктуу ысымдарына ислам дининин таасири менен араб жана иран тилдеринен келген ысымдар кошула баштаган. Ал ысымдар кыргыздар Ислам динин кабыл алганга чейин эле пайда болгон. Алар Ислам динин мурун кабыл алган түрк тилдүү уйгурлардан, өзбектерден, иран тилдүү тажиктерден оой баштаган. Натыйжада кыргыз антропонимиясында төмөнкүдөй ысымдар пайда болгон, алар: араб тилинен — Абды, Абдылда, Абдулазиз, Акмат, Бакыт, Жапар, Зейнеп, Кадыр, Кадийча, Кадыр, Кайрат, Мухаммед, Сабыр ж.б.; иран тилдеринен – Анар, Бактыяр, Бермет, Гүлнар, Динар, Мээрим, Чынар, Шаазада, Ширин ж.б. Бул ысымдар тобу учурда кыргыз антропонимиясында басымдуу орунду ээлешет.
Ислам дининин таасири менен кыргыз антропонимиясында Инжилде, Куранда айтылган ыйыктардын, пайгамбарлардын ысымдары да пайда болгон, алар: Ыбрайым (Ыбрай), Дөөтү, Ысмайыл, Жусуп, Жунус, Жакып, Ысак, Сулайман.
Жогоруда аталган байыркы түрк жана нагыз кыргыз ысымдары, моңгол тилдүү элдер менен ортоктош ысымдар, араб-иран тилдеринин таасири менен пайда болгон ысымдар кыргыз антропонимиясынын салттуу ысымдары деп айтылат.
кылымдагы Октябрь революциясынан кийин кыргыз антропонимиясында Совет доору деп аталып, ал доор 1917-жылдан 1991-жылга чейин созулган. Аталган доордун башында кыргыз антропонимиясында бийликке келген коммунисттердин эркиндик, теңдик, демократия, элдер достугу, жыргалчылык заман, коллективдештирүү жана индустриялаштыруу саясатынын натыйжасында, коммунисттердин пирлери Лениндин, Маркстын, Энгельстин жана башкаларынын урматына төмөнкүдөй ысымдар катмары пайда болгон, алар: Азат, Бакыт, Таалай, Бурулуш, Өзгөрүш, Кеңеш, Кеңешгүл, Теңдик, Уруят, Жамыят, Эркин, Советбек, Советкан, Зоотбек, Артелбек, Колхозбек, Тракторбек, Каналбек, Ыстахан, Мелис (Маркс, Энгельс, Ленин, Сталин аттарынын баш тамгаларынан), Марлен (Маркс, Ленин аттарынын баш тамгаларынан), Элмар (Энгельс, Ленин, Маркс аттарынын баш тамгаларынан), Ильич (Лениндин атасынын атынан), Роза (Роза Люксембургдун урматына), Клара (Клара Цеткиндин урматына), Эрнис (Эрнст Тельмандын урматына), Марат (француз революционеринин урматына) ж.б.
Совет коомундагы ар кандай көрүнүштөргө, жаңылыктарга, заман талаптарына жараша төмөнкүдөй ысымдар пайда болгон: Жеңиш, Жеңишгүл, Илим, Илимбек, Шайлоо, Съездбек, Космос, Марс, Тынчтыкбек, Мирбек, Мира ж.б.
Совет доорунда кыргыз антропонимиясында орус тилинин, орус антропонимиясынын таасири менен орустардын жана Европа, Советтер Союзу элдеринин, Советтер Союзуна дос элдердин төмөнкүдөй ысымдары пайда болгон: Аида, Алик, Алмаз, Арсен, Астра, Венера, Вера, Геннадий, Даниель, Догдурбек, Зина, Лилия, Лира, Луиза, Мария, Мирослав, Нинакан, Рафаэль, Рая, Ролан, Роман, Руслан, Светлана, Света, Сирень, Талант, Тамара, Тимур, Феликс, Элвира, Элеанора, Элиза, Эмил, Автандил, Тинатин, Тариел, Индира ж.б. Совет доорундагы ысымдардын бир катары кийин өзүнүн актуалдуулугун жоготуп, колдонуудан чыгып кеткен, айрымдары ушул күнгө чейин сакталып келүүдө. Бирок, бул доордо орус жана Европа тилдеринен өздөштүрүлгөн ысымдар кыргыздардын салттуу ысымдар тобуна кирбейт жана кыргыз антропонимиясында көп орун ээлебейт.
Жогорудагы антропонимиялык доорлор менен кыргыз антропонимиясында жаңы ысымдардын пайда болушу токтоп калган эмес. Кыргыз тилинин лексикасы негизинде, араб жана иран тилдүү элдердин, тектеш жана тектеш эмес элдердин антропонимияларынын үлгүлөрү боюнча жаңы ысымдардын пайда болушу, балдарга коюлушу дагы эле уланып келе жатат, мисалы: Аруна, Арлен, Баел, Нурел, Нурбийке, Жазел, Жазира, Баяна, Сауле, Нураида, Нуриза, Анарина, Марсиана, Нурислам, Сумая, Ноёнбаатыр, Вазира, Биллклинтонбек, Элгиза, Элайнур, Элдос, Эрдиана, Эрен ж.б.
Кыргыз антропонимиясы эч качан туюк системалардан болгон эмес. Азыркы кыргыз антропонимиясында байыркы ысымдар, салттуу улуттук ысымдар, ар кандай таасирлерде өздөштүрүлгөн ысымдар, неологизм-антропонимдер бар экенин белгилейбиз. Кыргыз антропонимиясы түрк элдеринин, Ислам динин тутунган элдердин антропонимиясы менен көптөгөн окшоштуктарга ээ жана ошол эле мезгилде улуттук өзгөчөлүгүн жоготпогон системалардан.