Ташполот САДЫКОВ,
филология илимдеринин доктору,
К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин
профессору, Бишкек/Кыргызстан
Сердар ДАГЫСТАН
филология илимдеринин кандидаты,
К.А.Ясави атындагы Эларалык казак-түрк университети,
Түркология илим изилдөө институтунун директору
Түркстан/Казакстан
serdar.dagistan@ayu.edu.kz
Кыргыз, алтай, тува, хакас тилдеринин жакын тектештиги жөнүндөгү өтө олуттуу илимий дарек Орусия Илимдер академиясынын Тил илими институту тарабынан 2002-жылы жарыялаган «Сравнительно-историческая грамматика тюркских языков. Региональная реконстукция» аттуу фундаменталдуу эмгекте берилгени маалым [1, 727; 733-734; 737]. Тилекке каршы, түрк тилдеринин соңку классификациясын ишке ашырылган бул эмгектин теориялык жоболору огуз, карлук, кыпчак, кыргыз, булгар тилдеринин бир да өкүлү тарабынан тиешелүү баасын албай келет. Классификация түрк тилдеринин чыгыш теги жана калыптаныш тарыхы үчүн эң олуттуу саналган 83 тилдик белги боюнча морфологиялык лингвостатистиканын өркүндөтүлгөн компьютердик нускасы аркылуу аткарылгандыктан, анын мазмунун аңдап багууга кедерги болгон себеп да дал ушул факторго барып такалышы мүмкүн.
Эмгекте кыргыз тобуна иралды хакас, шор, чулум, саруйгур, фую кыргыз тилдери киргизилип, кыргыз, алтай, тува тилдери башка топто берилсе [1, 476-599], анын соңунда сунушталган классификацияда өйдөкү тилдердин баары Сибирь тилдери деп аталган бир топко бириктирилип берилет [1, 727].
Түрк тилдеринин соңку классификациясын бейнелеген матрицада кыргыз тобундагы тилдердин генетикалык жактан өз ара жакындык даражасы морфологиялык лингвостатистиканын сандык көрсөткүчтөрү аркылуу тастыкталат. Анда, маселен, кыргыз тили менен бул топтогу башка тилдерин ортосундагы жакындык төмөнкүчө көрсөтүлөт [1, 727]:
1) кыргыз-алтай түгөйү 78%,
2) кыргыз-куу кижи түгөйү 74%,
3) кыргыз-куманды түгөйү 73%,
4) кыргыз-тува түгөйү 73%,
5) кыргыз-шор түгөйү 67%,
6) кыргыз-чулум түгөйү 67%,
7) кыргыз-хакас түгөйү 64%,
8) кыргыз-саруйгур түгөйү 61% ж.б.
Көрүнүп тургандай, мында бизди кызыктырган кыргыз-алтай-тува түгөйлөрү тектештиги боюнча 73-78 пайыз жакын болсо, кыргыз-хакас түгөйү 64 пайыз жакын экен. Макалада дал ушул төрт тилдин фактысында жөндөлүштүн тектештирме контекстине сереп салуу максаты көздөлөт.
Жөнөкөй жөндөлүш. Кыргыз, алтай, хакас, тува тилдериндеги жөнөкөй жөндөлүш төмөнкү учурларды камтыйт:
Үндүү менен бүткөн сөздүн жөндөлүшү
Жөн- Кыргыз Алтай Хакас Тува
дөмө тили тили тили тили
А. ата ада паба ача
И. ата-нын ада-ның паба-ның ача-ның
Б. ата-га ада-га паба-га ача-га
Т. ата-ны ада-ны паба-ны ача-ны
Ж. ата-да ада-да паба-да ача-да
Ч. ата-дан ада-даң паба-даң ача-дан
Көрүнүп тургандай, үндүү менен аяктаган сөздөрдүн жөндөмө формалары жөнөкөй жөндөлүшкө толук баш ийет да, жөндөмө мүчөнүн башындагы үнсүз тыбыштын сакталып айтылышын шарттайт: -нын // -ның, -га, -ны, -да, -дан//-даң. Алтай, хакас, тува тилдеринде илик жөндөмө, кыргыз тилинен айырмаланып, ң тыбышы менен аяктайт: кырг. -нын, алт., хак., тув. -ның.
Ушул эле ң тыбышы, кыргыз, тува тилдеринен айырмаланып, алтай, хакас тилдеринде чыгыш жөндөмөнүн соңунда да келет.
Сал. кырг., тув. -дан, алт., хак. -даң.
Оозчул уяң үнсүз менен бүткөн сөздүн жөндөлүшү
Жөн- Кыргыз Алтай Хакас Тува
дөмө тили тили тили тили
А. кол кол хол хол
И. кол-дун кол-дың хол-ның хол-дуң
Б. кол-го кол-га хол-га хол-га
Т. кол-ду кол-ды хол-ны хол-ду
Ж. кол-до кол-до хол-да хол-да
Ч. кол-дон кол-доң хол-даң хол-дан
Бул учурда салыштырылып жаткан кыргыз, алтай, хакас, тува тилдеринде илик, барыш, табыш жөндөмө башында үнсүз тыбыштардын ндт, гк алмашуулары орун алып, бардык кыйыр жөндөмөнүн башында жумшак үнсүз келет.
Сал. кырг., алт. кол-дун//-дуң, кол-го//-га, кол-ду, кол-до//-да, кол-дон//-даң; хак., тув. хол-ның//-дуң, хол-га, хол-ны//-ды, хол-да, хол-даң//-дан.
Мурунчул уяң үнсүз менен бүткөн сөздүн жөндөлүшү
Жөн- Кыргыз Алтай Хакас Тува
дөмө тили тили тили тили
А. күн күн күн хүн
И. күн-дүн күн-ниң күн-ниң хүн-нүң
Б. күн-гө күн-гө күн-ге хүн-ге
Т. күн-дү күн-ни күн-ни хүн-нү
Ж. күн-дө күн-дө күн-де хүн-де
Ч. күн-дөн күн-дөң күн-нең хүн-ден
Мында күн сөзүнөн кийин төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр орун алат: 1) илик, табыш жөндөмөнүн башкы н үнсүзү кыргыз тилинде д’га өтөт: күн-дүн, башкаларында сакталат: күн-ниң // хүн-ниң, күн-ни // хүн-ни; 2) чыгыш жөндөмөнүн башкы д үнсүзү хакас тилинде мурундашып н’га өтөт: күн-нең, башкаларында сакталат: күн-дөн, күн-дөң, хүн-ден; 3) барыш, жатыштын башкы г, д үнсүздөрү бирдей сакталат: күн-гө, күн-ге, күн-дө, күн-де; 4) хакасчада эрин күүсү мүчөгө тарабайт: күн-ниң, күн-ге, күн-ни, күн-де; күн-нең 5) алтайчада эрин күүсү мүчөдөгү кууш үндүүгө тарабайт: күн-ниң, күн-ни, бирок кең үндүүгө тарайт: күн-дө, күн-дөң; 6) тувачада эрин күүсү мүчөдөгү кең үндүүгө тарабайт: хүн-ге, хүн-де, хүн-ден, бирок кууш үндүүгө тарайт: хүн-нүң, хүн-нү; 7) кыргыз тилинде эрин күүсү мүчөдөгү кең үндүүгө да, кууш үндүүгө да бирдей тарайт: күн-дүн, күн-гө, күн-дү, күн-дө, күн-дөн.
Каткалаң үнсүз менен бүткөн сөздүн жөндөлүшү
Жөн- Кыргыз Алтай Хакас Тува
дөмө тили тили тили тили
А. таш тас тас даш
И. таш-тын тас-тың тас-тың даш-тың
Б. таш-ка тас-ка тас-ха даш-ка
Т. таш-ты тас-ты тас-ты даш-ты
Ж. таш-та тас-та тас-та даш-та
Ч. таш-тан тас-таң тас-таң даш-тан
Көрүнүп тургандай, каткалаң үнсүз менен бүткөн сөздөн кийин жөндөмө мүчөнүн башкы үнсүзү да каткалаңдашып, каткалаң үнсүзгө өтүп айтылат да, тектештирилип жаткан бардык тилдерде жалпылык сакталат. Сал. кырг. -тын, алт., хак., тув. -тың; кырг., алт., тув. -ка, хак. -ха; кырг., алт., тув., хак. -ны, -да; кырг. тув. -тан, алт., хак. -таң. Ошол эле маалда мүчөдөгү үндүүлөр жогоруда белгиленген эрежелер боюнча ишке ашырылып, окшош жана айырмачылыктарды ортого чыгарат.
-ыбыз, -ыңар мүчөлүү сөздөрдүн жөндөлүшү
Кыргыз Алтай Хакас Тува
тили тили тили тили
А. китебибиз бичигибис книгабыс номубыс
китебиңер бичигеер книгаңар номуңар
И. китебибиз-дин бичигибис-тиң книгабыс-тың номубыс-тың
китебиңер-дин бичигеер-диң книгаңар-ның номуңар-дың
Б. китебибиз-ге бичигибис-ке книгабыс-ха номубыс-ха
китебиңер-ге бичигеер-ге книгаңар-га номуңар-га
Т. китебибиз-ди бичигибис-ти книгабысты номубыс-ты
китебиңер-ди бичигеер-ди книгаңар-ды номуңар-ды
Ж. китебибиз-де бичигибис-те книгабыс-та номубыс-та
китебиңер-де бичигеер-де книгаңар-да номуңар-да
Ч. китебибиз-ден бичигибис-тең книгабыс-таң номубыс-тан
китебиңер-ден бичигеер-дең книгаңар-даң номуңар-дан
Мында төрт тилде тең -ибиз//-ибис//-быс, -иңер//-еер//-ңар мүчөлөрүнүн соңку үнсүзү жөндөмөнүн башкы үнсүзүн аныктаганы көрүнүп турат.
Жактама ат атоочтун көптүк түрүнүн жөндөлүшү
Кыргыз Алтай Хакас Тува
тили тили тили тили
биз бис пис бис
А. силер слер сирер силер
алар олор олар олар
биз-дин бис-тиң пис-тиң бис-тиң
И. силер-дин слер-диң сирер-ниң силер-ниң
алар-дын олор-дуң олар-ның олар-ның
бизге бис-ке пис-ке бис-ке
Б. силер-ге слер-ге сирер-ге силер-ге
алар-га олор-го олар-га олар-га
биз-ди бис-ти пис-ти бис-ти
Т. силер-ди слер-ди сирер-ни силер-ни
алар-ды олор-ду олар-ды олар-ны
биз-де бис-те пис-те бис-те
Ж. силер-де слер-де сирер-де силер-де
алар-да олор-до олар-да олар-да
биз-ден бис-тең пис-тең бис-тен
Ч. силер-ден слер-дең сирер-дең силер-ден
алар-дан олор-доң олар-даң олар-дан
Мында өйдөкү парадигма тарыхый морфонологиянын алгоритмине баш ийген шайкештиктер боюнча төмөнкүчө мүнөздөлөт:
а) Саян-Алтай өңүрлөрүнө таралган алтай, хакас, тува тилдеринде «сөз соңунда жумшак үнсүз келбейт» деген бабатилден бери келаткан заң-эреже сакталып, кыргыз тилинде аягы з болуп өзгөргөн биз ат атоочу бис // пис турпатында келип, өзүнөн кийинки мүчө башындагы жумшак үнсүздү каткалаң үнсүзгө өткөрөт. Сал. кырг. биз-дин, биз-ге, биз-ди, биз-де, биз-ден; алт., хак., тув. бис//пис-тин, бис//пис-ке, бис//пис-ти, бис//пис-те, бис//пис-тен//-тең;
б) силер ат атоочу (алтай тилиндеги биринчи муундагы кууш үндүүнүн кыскарып, жазууга слер болуп чыгарылышын эске албаганда) төрт тилде тең бири бири менен үндөшүп, мүчө башындагы үнсүздүн тандалып алынышы жактан кыргыз-алтай түгөйүндө жумшак үнсүз (сал. кырг.-алт. силер//слер-дин//-ге// -ди//-де//-ден//-дең) келсе, хакас-тува түгөйлөрүндө жөндөмө мүчө башындагы н,
үнсүздөрү сакталып айтылат (силер // сирер-ниң, силер//сирер-ни, силер//сирер//-ге//-ни/ -де// -дең //-ден;
в) илик жөндөмө кыргыз тилинде н’га бүтсө (-дин//-дын), алтай, хакас, тува тилдеринде ң’га (-
ның//-ниң, -диң//-дуң, -тиң) бүтөт;
г) чыгыш жөндөмө кыргыз, тува тилдеринде н’га (-дан//-ден, -дан//-ден, -тен) бүтсө , алтай, хакас тилдеринде ң’га (-даң//-дең//-доң, -тең) бүтөт;
д) өйдөкү парадигманын алкагында кыргыз, алтай, хакас, тува тилдериндеги үндөштүк бири бирине толук шайкешет;
е) жактама ат атоочтун көптүк түрү салыштырып жаткан төрт тилде тең жөнөкөй жөндөлүштүн эрежеси боюнча ишке ашырылат.
Татаал жөндөлүш. Тектештиги териштирилип жаткан тилдердеги татаал жөндөлүштүн курамы жана таралуу чөйрөсүн ар тараптан тастыктаган илимий даректерге жетүү мүмкүнчүлүгү бизде чектелүү болгондуктан, колдо бар материалдардын негизинде кыргыз тилинин фактысына таянуу менен алтай, хакас, тува тилдериндеги аталган типтин курамын жалпылаштырып төмөкүчө аныктоого болот:
-ым, -ың мүчөлүү сөздөрдүн жөндөлүшү
Кыргыз Алтай Хакас Тува
тили тили тили тили
А. китеб-им бичиг-им книга-м ном-ум
китеб-иң бичиг-иң книга-ң ном-уң
И. китеб-им-(д)ин бичиг-им-диң книга-м-ның ном-ум-дуң
китеб-иң-(д)ин бичиг-иң-диң книга-ң-ның ном-уң-дуң
Б. китеб-им-е бичиг-им-е книга-м-а ном-ум-а
китеб-иң-е бичиг-иң-е книга-ң-а ном-уң-а
Т. китеб-им-(д)и бичиг-им-ди книга-м-ды ном-ум-ду
китеб-иң-(д)и бичиг-иң-ди книга-ң-ды ном-уң-ду
Ж. китеб-им-де бичиг-им-де книга-м-да ном-ум-да
китеб-иң-де бичиг-иң-де книга-ң-да ном-уң-да
Ч. китеб-им-(д)ен бичиг-им-дең книга-м-даң ном-ум-дан
китеб-иң-(д)ен бичиг-иң-дең книга-ң-наң ном-уң-дан
Кыргыз тилиндеги -ым, -ың таандык мүчөлүү сөздөрдүн жөндөлүшү жөнөкөй жана татаал типтин ортосундагы тенденция мүнөзүндөгү кубулуш экендиги, алар татаал типке көбүрөөк ыктары, муну барыш жөндөмөнүн башкы үнсүзү дайыма түшүп айтылышы далилдери, мында илик, табыштын башкы үнсүзү түшүрүлүп айтылса, татаал жөндөлүшкө жатары, антпегенде мындай жөндөлүш жөнөкөй типке ыктары, чыгыш жөндөмөнүн кыскарып же толук айтылышы чектелген мүнөздөгү жекече кубулуш экендиги өйдөдө белгиленген эле.
Дал ушул өңүттөн алып караганда алтай, хакас, тува тилдериндеги бул өңдүү сөздөрдүн жөндөлүшү басым көпчүлүк учурда жөнөкөй жөндөлүшкө баш ийип, кыргыз тилине караганда толук калыпташып калгандыгы менен өзгөчөлөнөт. Мунун себеби али белгисиз. Ал тарыхый, ареалдык, маданий факторлорго барып такалышы мүмкүн. Ошол эле маалда барыш жөндөмөнүн башкы үнсүзүнүн түшүп айтылышы бул тилдерди бир өзөккө бириктирген дагы бир жалпылык экендиги анык.
-ы//-сы мүчөлүү сөздөрдүн жөндөлүшү
Кыргыз Алтай Хакас Тува
тили тили тили тили
А китеб-и бичиг-и книга-зы ном-у
И китеб-ин-ин бичиг-ин-иң книга-зын-ың ном-ун-уң
Б китеб-ин-е бичиг-ин-е книга-зын-а ном-аа
Т китеб-ин-ø бичиг-ин-ø книга-зын-ø ном-ун-ø
Ж китеб-ин-де бичиг-ин-де книга-зын-да ном-ун-да
Ч китеб-ин-øен бичиг-ин-øең книга-зын-øаң ном-ун-øан
Көрүнүп тургандай, мында төмөнкүдөй өзгөрүүлөр орун алат:
а) бардык кыйыр жөндөмөдө 3-жак таандык мүчөнүн *-ын/*-сын түрүндөгү баштапкы формасы калыбына келет да [2, 204; 3, 25-29], жөндөлүүчү негиз болуп ошол н- тыбышы кошулуп айтылган форма эсептелет: кырг. китеб-ин-, алт. бичиг-ин-, хак. книга-зын-, тув. ном-ун-;
б) илик, барыш, табыш жөндөмө мүчөнүн башкы үнсүзү төрт тилде тең түшүрүлүп айтылат.
Сал.: кырг. китеб-ин-ин, китеб-ин-е, китеб-ин-ø; алт. бичиг-ин-иң, бичиг-ин-е, бичиг-ин-ø; хак. книга-зын-ың, книга-зын-а, книга-зын-ø; тув. ном-ун-уң, ном-аа, ном-ун-ø;
в) табыш жөндөмөдө үнсүздөн кийин мүчөдөгү үндүү да кыскарып, ø (нөл) мүчө майданга чыгат. Сал.: кырг. китеб-ин-*и > китеб-ин-ø; алт. бичиг-ин-*и > бичиг-ин-ø; хак. книга-зын-*и > книга-зын-ø; тув. ном-ун-*у >ном-ун-ø;
г) чыгыш жөндөмөнүн башкы үнсүзү төрт тилде бирдей түшүп калат. Сал.: китеб-ин-øен; алт. бичиг-ин-øең; хак. книга-зын -øаң; ном-ун-øан. Белгилей кетчү нерсе, бул кубулуштун ишке ашуу себеби түркологияда бүгүнкүгө чейин толук ачып көрсөтүлө элек.
Ошентсе да, муну мурунчул кош -нн- үнсүздүн колдонушуна төрт тилдин аталган парадигмасында жол бербей тургандыгы менен шартталат деп божомолдоого болот;
д) тува тилинин барыш жөндөмөсүндө кыргыз, алтай, хакас тилдеринен өзгөчөлөнгөн татаал морфонологиялык процесс жүрөт да, мунун натыйжасында 3-жак таандык мүчө менен жөндөмө мүчө сиңишүү аркылуу бири бирине биригип, созулма -аа көрсөткүчү аркылуу берилет: ном-ун-а > ном-аа.
Жактама ат атоочтун жекелик түрүнүн жөндөлүшү
Кыргыз Алтай Хакас Тува
тили тили тили тили
мен мен мин мен
А. сен сен син сен
ал ол ал ол
мен-ин мен-иң мин-иң меең
И. сен-ин сен-иң син-иң сеең
ан-ын он-уң ан-ың он-уң
маг-а мег-е маг-аа маң-аа
Б. саг-а сег-е саг-аа саң-аа
аг-а ог-о аг-аа оң-аа
мен-и мен-и мин-и мен-и
Т. сен-и сен-и син-и сен-и
ан-ы он-у ан-ы он-у
мен-де мен-де мин-де мен-де
Ж. сен-де сен-де син-де сен-де
ан-да он-да ан-да он-да
мен-ден мен-дең мин-дең мен-ден
Ч. сен-ден сен-дең син-дең сен-ден
ан-дан он-даң ан-даң он-дан
Жактама ат атоочтун өйдөкү жөндөлүш парадигмасында кыргыз, алтай, хакас, тува тилдерине тиешелүү төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр орун алат:
мен, сен ат атоочу фонетикалык жактан кыргыз, алтай, тува тилдеринде толук шайкеш келсе, хакас тилинде е~и алмашуусуна кабылып, мин, син формасында келет. Ал эми кыргыз-хакас түгөйүндө ал ат атоочу, алтай-тува түгөйүндө ол ат атоочу толук дал келип, эки учурда тең кыйыр
жөндөмөдө жөндөлүүчү негиз болуп ан//он формалары эсептелет. Мунун натыйжасында кыйыр жөндөмөдөгү бардык ат атоочтун соңку үнсүзү н- тыбышына теңелет: мен//мин, сен//син, ан//он;
жактама ат атоочтун кыйыр жөндөмөдөгү парадигмасы төрт тилде тең бирдей морфонологиялык эрежелер аркылуу куралып, андан ары фонетикалык жекече өзгөрүүгө кириптер болот. Сал. илик -ин//-ын, -иң//-ың//-уң, барыш -а, -е//-о, -аа, табыш -и//-ы//-у, жатыш -де//-да, чыгыш
-ден//-дан, -дең//-даң;
татаал жөндөлүштүн эрежеси боюнча илик, табыштын башкы үнсүзү түшүрүлүп айтылат да, морфонологиялык процесстин бул баскычында кыргыз, алтай, хакас тилиндеги формалар алынат:
мен-ин // мен-иң // мин-иң; сен-ин // сен-иң // син-иң; ан-ын // он-уң //ан-ың; мен-и // мин-и; сен-и // син-
и; ан-ы // он-у. Ошол эле маалда табыш жөндөмө формасы тува тилинде алтай тилине шайкеш келсе: мен-и, сен-и, он-у, кыргыз тилинде хакас тилине шайкеш келет. Сал.: мен-и, сен-и, ан-ы, бирок
илик жөндөмө формасы алтай, хакас тилдеринде бири бирине дал келсе (сал. мен-иң, сен-иң, он-уң // ан-ың), кыргыз тилинде булар соңку н- үнсүзү менен айырмаланат (сал. мен-ин// сен-ин). Ал эми тува тилинде аталган форма андан ары өзгөрүүгө кириптер болуп, созулма үндүүнү пайда кылат: мен-иң > меең, сен-иң > сеең, бирок он-уң. Мында бул форма алтайчага дал келет;
өйдөкү парадигмада барыш жөндөмөнүн башкы -г үнсүзү төрт тилде тең ат атоочтук уңгунун соңку үнсүзүнө артка карай таасир этип, адегенде н тыбышын ң тыбышына өткөрөт. Бул процесс кыргыз, хакас, тува тилдеринде үндүүгө да таралып, мүчөдөгү а үндүүсүнүн таасири менен мен, сен уңгусундагы е үндүүсү а’га өтүп айтылат. Сал.: кырг., хак., тув мен+га > *маң+га, сен+га > *саң+га, ал+га > *аң+га, ол+га > *оң+га. Тува тилинде ат атоочтук уңгудагы өзгөрүү ушуну менен токтойт. Ал эми алтай тилинде уңгуга тескери үндөштүк таралбайт: мен+га > *мең+ге, сен+га > *сең+ге, ол+га > *оң+го.
Белгилей кетчү нерсе, ат атоочтук уңгудагы мындай өзгөрүү типологиялык жактан түрк тилдери үчүн демейки кубулушка жатат. Сал. уйг., түркм., түш. кырг. мен+га > маң+га > маң+а,
сен+га > саң+га > саң+а, ал+га > аң+га > аң+а ж.б.;
кыргыз, алтай, хакас тилдеринде ат атоочтук уңгунун соңку ң тыбышы мүчө башындагы г тыбышынын таасирине экинчи ирет кабылат да, ң тыбышы г тыбышына өтүп, уңгу-мүчөнүн жигинде кош -гг- үнсүзү пайда болот. Сал.: кырг., хак. мен+га > *маң+га > *маг+га, сен+га > *саң+га > *саг+га, ал+га > *аң+га > *аг+га, ол+га > *оң+га > *ог+га; алт. мен+га > *мең+ге > *мег+ге,
сен+га > *сең+ге > *сег+ге, ол+га > *оң+го > *ог+го. Демек, барыш жөндөмөдө жөндөлүүчү негиз деп ат атоочтук маг-//сег-, саг-//сег-, аг-//ог- формалары табылат. Аталган процесс андан ары эки нукта өнүгөт:
а) морфонологиялык жактан уңгу-мүчө жигинде кош -гг- тыбышынын колдонулушуна чек коюлгандыктан кыргыз-алтай түгөйүндө татаал жөндөлүштүн эрежеси боюнча -га мүчөсүнүн башкы үнсүзү түшүрүлүп айтылат. Сал. кырг. маг+га > маг+а > мага, саг+га > саг+а > сага, аг+га > аг+а
ага; алт. мег+ге > мег+е > меге, сег+ге > сег+е > сеге, оң+го > ог+о > ого;
б) хакас, тува тилдеринде, кыргыз, алтай тилдеринен айырмаланып, барыш жөндөмөдө үнсүз жана үндүү тыбыштар ширешип созулма үндүүнү пайда кылат. Сал. хак. маг-аа > магаа, саг-аа > сагаа, аг-аа > агаа ж.б. [4; 5, 146-156]; тув. маң-аа >, саң-аа > саңаа, оң-аа >оңаа [2, 252];
кыргыз, алтай, хакас тилдеринде ат атоочтук уңгудагы нңг алмашуусун ишке ашырган тарыхый процесс, буга чейин белгиленгендей, иралды азербайжан тилинин Закатал-Ках, Жебраил, Карягы, Кедабек, Нахичеван айтымдарынын фактысы аркылуу тастыкталат. Сал.: магhа < маh + га,
сагhа < саh + га ж.б. [6, 13-14; 7, 27-28; 8, 18; 9, 106-110; 1, 148-149]. Экинчиден, барыш жөндөмөнүн парадигмасындагы мындай тарыхый процесстин орун алышын кыргыз тобуна кирген өйдөкү тилдер да далилдейт. Бул фактылар жеке эле тектештирме өңүттөн эмес, Евразия мейкиндигин байырлаган байыркы түрк тайпалары журт которгон улуу көчүн тарыхый-лингвистикалык жактан негиздөө үчүн да ашкере баалуу.
Ошентип, салыштырылып жаткан кыргыз, алтай, хакас, тува тилдери бирдей даражада атооч сөздөрдүн жөндөлүш типтерин ишке ашырган бирдиктүү эрежелерди колдонгондугу менен мүнөздөлөт. Мындагы айырмачылык бул эрежелердин ишке ашуу шарттарына гана барып такалат. Бул тилдер бири биринен жөндөлүштүн типтеринин саны боюнча айырмаланбастан, татаал жөндөлүштү ишке ашырган эрежелердин колдонуу чөйрөсү боюнча гана айырмаланат. Демек, аталган тилдерде жөнөкөй жөндөлүштү уюштуруучу борбор болуп нагыз зат атоочтук парадигма эсептелсе, татаал жөндөлүштү уюштуруучу борбор болуп нагыз ат атоочтук парадигма эсептелет. Атооч сөздөрдүн калган бардык парадигмалары дал ушул эки борбордун тегерегинде топтолот. Алардын айрымдары тенденциялык мүнөзгө ээ болуп, жөнөкөй жана татаал типтердин ортосунда олку-солку туруксуз абалда да болот.
Жыйынтыктап айтканда, кыргыз, алтай, хакас жана тува тилдери ар түрдүү тарыхый-маданий шартта бирдиктүү көөнө тилдик кыртыштап тайып, чачырап, ички өзгөчөлүктөрү бүгүнкү өзгөргөн абалга жеткени белгилүү. Ошол эле маалда тектештикти сактоого тирек болгон өзөк категориялар да бар экени шексиз. Атооч түркүмүндөгү сөздөр үчүн мындай категориялардын башында жөндөмө категориясы турары анык. Аны тектештирилип жаткан тилдердин жөндөлүш парадигмасында айырмачылыкка караганда жалпылыктын арбын болушу ачык тастыктайт [2, 252].