«МАНАС» ЭПОСУНДАГЫ КУШ ТОТЕМИНИН КӨРКӨМ ПАРАЛЛЕЛИЗМИ

Кулбаракова Зарина Анарбековна*

Көркөм параллелизм эпикалык чыгармаларда кеӊири орун алып келген көркөм адабий ыкма. Грек тилинен алганда «катар жүргөн», «жанаша» деген маанини туюнтат [Кыдырбаева 2009:56]. Арийне бул ыкманын маанилүүлүгү учурда изилдеп жаткан предметтин башка бир сюжетте кездешкени жана ошондой эле окшоштук айырмачылыгын белгилөө болуп саналат.

«Манас» эпосунда куштардын көркөм чагылдырылышы каарманды, кырдаалды, пейзаждык сүрөттөөдө кездешет. Ал эми мотивдердин ичинен түш көрүү мотивинде орчундуу орунда турат. Албетте, ар бир сюжетте кездешкен куш көркөм кызмат аткаруу менен негизги окуяны көркөмдөп отурган, бирок алардын спецификалык чөйрөсү алда кайда тотемдик калдыктардан кабар берет. Айрыкча «түш көрүү» жана «баатырдын төрөлүшү» мотивинде куштардын түшкө кирип аян бериши уникалдуу, мотивдерде куштар «көктөн» — белгисиз бийиктиктен учуп келет, адам баласына кандайдыр бир кабар берет, адам үчүн руханий ыйык жана жашоосунун жарчысы катары кабыл алынат.

C. Каралаевдин, С. Орозбаковдун варианттарында Жакып балалуу боло албай зар какшап жүргөн убагында түш көрүп, түшүндө алтын боолу кушту көтөрүп аң уулоого чыгат. Жакып бир күн түш көрөт:
Түшүндө мүшкүл иш көрөт.
Кукулуктап үн чыкса,
Куштан башка үнү бар.
Куйрук-башы жаркылдап,
Куудан аппак жүнү бар.
Айбат менен караса,
Алпкаракуш сүрү бар.
Саңоорлору сары алтын,

Таканак жүнү баары алтын [Каралаев, Манас 2010: 57].

Жакып кушту кармап алып ага алтымыш кулач жибек боо тагат, бапестеп багып алат. Ал куштун караанын көргөндө бардык жан-жаныбарлар ийиндерине качып жок болушат. Бир дагы “чырп” этип учкан куштун үнү угулбай калат. Бул куш кадимки бүркүт деп ойлоор элек, бирок ыр саптарынан анын аппак жүнү менен кукулуктаган үнү алгыр куштун өзү экендигин далилдеп турат. Анын түшүн жоруганга эл чогулуп, кыргыздардан Байжигит, кыпчактардан Тазчечен, нойгуттардан Акбалта, ногойлордон Эштек, Түрктүн уулу Дамбылда, Түмөнбайдын Абдылда болот. Жышанаалуу түштү атайлап салтанат менен жорутуу кеңири белгилүү сюжет. Байжигит мындай деп жоруйт: “Жакыптын куш кармаганы эркек бала болоору, ал баласы ай тийген жердин баарын алып, күн тийген жердин баарын күтөт экен. Алтымыш кулач жибек боо такканың ал балаң алтымыш жашка чыкканча аким болуп, журт сурайт экен. Байбичең ажыдаарды ат кылып мингени ошол баланын ажыдаардай айбаттуу болгону, арстандай кайраттуу болгону. Шумкар кармоо кыздуу болуунун белгиси”. Дамбылда токолуң да эркек төрөйт экен дейт да тилегиң орундалсын Жакып деп баталарын берип тарап кетишет. Көп өтпөй Чыйырдынын бо-юна бүтүп калат. Ал жолборстун жүрөгүнө катуу талгак болот. Төрөлөөр алдында Жакып дагы чоң түш көрөт.
Түндө жатып түш көрсөм,
Ала-Тоо башын жайладым.
Мен бир бала барчын бүркүт кармадым,
Салбуурун чыксам салууга,
Канаттын күүсү угулду,
Каарына карап тура албай,
Мунун качырган жандары жыгылды.
Кара чаар жолборс каманды,
Каршы-терши жарыптыр,
Кайыр кылган бир жан жок
Канаттуунун баарысы
Астына түшүп калыптыр.
Көтөрсө боосу сексен төрт,

Ал бүркүттүн серп алган жагы кызыл өрт, Күн чыгышка көтөрүп, Салбуурунга барыпмын,

Азуулунун баарына акыр заман салыпмын [Каралаев, Манас 2010: 58].

Кийинки түшүндө барчын бүркүт кирет да, ал болочок баатырдын өзүнөн кабар бергендей символикалык белгини чагылдырып турат. Бүркүт кыргыз элинде кыраакылыкты, эркиндикти, күчтүүлүктү жана кайраттуулукту билдирет. Ал куштардын төрөсү. Бүркүттүн түшкө кириши баатырдын төрөлүшүнөн кабар берип турат. Жөн бала эмес бүркүт сымал кыраакы, күчтүү жана журт бийлеген азамат төрөлөөрүнөн алдын ала айтат. Жакып салбуурундан кылыч таап алып аны шилтеп ойносо баардыгы качып жоголушат. Боз үй тигип дөбөгө чыкса көлөкөсү бүтүндөй дүйнөнү каптап калат. Акбалта түшүн жооруп эли-жерибизге барабыз, журт болуп чогулабыз, уулду болосуң, ошол уулуң кыргыздын башын бириктирет деп батасын берип түшүн жооруйт.

Жакыптын биринчи түшүнө кирген куш жакшылыктын жарчысы катары тотемдик ынанымдан кабар берет. Анын “куудай болгон жүнү жана кукулуктаган үнү” жакшылыктын жышааны катары көркөм сүрөттөлүп айтылат. Кушту байыртадан ата-бабаларыбыз аздектеп багып ага аяр мамиле кылышкан. Ал кыргыздын социологиялык жашоо тарзында маанилүү орунда турган. Мүнүшкөрлөр кармап, тапка келтиришкен. Ургаачысы куш аталып, эркеги чүйлү делет. Анын тобуна туйгун, түш, чүйлү, тынар, кыргый кирет. Кушту туурга аз кондуруп көбүнесе торго кармашкан. Булар келгин куш катары саналып, кыштап калганы кыштоочу куш катары аталып калган. Алардын ичинен кыраанын “Туурук таман, туз көз” деп аташат. Тоодон каз, куу алат [Кыргыздардын улуттук маданияты 2012: 270-271]. Түлөк куш абдан акылдуу келет, колго оӊойлук менен үйрөтүлбөсө да ээсине көнүп кетсе абдан берилген жандык. Айтылган аӊыздарга караганда [Кол жазмалар фонду, инв 54., №1 дептер, этнография.] куш 7-8 жыл гана жашайт жана ал бардык адамдарга көрүнө бербейт. Ал тандалмалуу гана адамдарга жолугат жана ал адам абдан бактылуу жана ийгиликтүү деп эсептелинген. Айрыкча мергенчилер аӊ уулоого чыкканда түлөк кушту кезиктирип калган болсо, мергенчилик ийгиликтүү болоорун жорушкан. Куш бүркүткө да ителгиге да окшошпой сыйда сулуу келген. Куштан бардык майда канаттуулар коркот. Куштун кырааны сындуу, мүрүсү калыӊ жүндүү, барак төштүү болуп тик олтурат. Анын жүндөрү ак же агыш бозомтук түстө болот [Кыргыздардын улуттук маданияты 2012: 271].

“Манас” эпосундагы Манастын балалык чагы эпизодун-да бала төрөлөөр алдында-“баатырдын төрөлүшү” мотивинде Умай эне учуп келип наристени жамбашка чаап тосуп алат. Бул сүрөттөөлөр теӊирчилик ишенимин тастыктап турса дагы Умай эненин учуп келген жагдайы таӊ калтырбай койбойт.

Умай эне учуп келгени,
Шапалактап куйрукка,
Чапкылап эми киргени.
Анда бала кеп айтат:
«Сен айдаган жалган жай,
Барбаймын анда» — деп айтат.
Кайтарып Умай кеп айтат:
«Ырыскың жалган жайда — деп,
Баланы жерден алганы,
Таппайсың мындан пайда — деп,
Жулкунганда ал бала,
Ырыскың чөптөн көп болот,
Сен барчу ошол жалган жай,
Ар кылган ишиң төп болот!»
Деп, ошентип Умайың,
Уруп кирди баланы,
Жалган дүйнө жарыкка,
Сүрүп кирди баланы [Ш. Рысмендеев, Манас 2013: 22]. Умай эне байыртадан бери эле кыргыздын ишениминде балдардын, боюнда бар энелердин колдоочусу катары айтылып келген. Ал тургай учурда да чоӊ апаларыбыздын балага май оозантып же болбосо баланын жүрөгүн көтөрүү, дем салуу сыяктуу ырым-жырым жөрөлгөлөрүн жасап жатканда “Менин колуман эмес Умай эненин колунан”-деп айтышат. Бул прототип кыргыздар Энесай чөлкөмүн жердеп жатканда эле пайда болгон, анткени бүгүнкү күндө да хакас, тува, шор, алтай элинен учуратууга болот. Ал тургай Красноярск чөлкөмүндөгү ар кайсы аймакта орун алган балбал таштарда куштун сүрөтүн көрүүгө болот. Ал куштарды жергиликтүү элдер Умай кушу деп аташат. Минусинск ойдуӊунда жайгашкан Чаа тас чоӊ мемориалдык таштын бетинде да Умай кушунун сүрөтү чегерилген. Умай куштун алдында оюугу бар экен, сыйынууга келген адамдар бармагын оюука салып тегеретип каалоо тилектерин айтышат. Көбүнчө ал жерге карапайым-калктын арасынан төрөбөгөн келиндер, никеси бузулган жубайлар, баласыздык менен жабыркаган жубайлар барып сыйынышат [Хакас кызы Наталья Домогашевадан жазылып алынган интервьюдан, 2012-ж. 18-март].

Умай эне качандыр бир кезде куш катары кабыл алынган. Бара-бара куш кейпинен адам образына өтүп үй-бүлө очогун, балдардын колдоочусу болуп калса керек. Куштун да Умай эне менен салыштырылганы анимистик көз карашты тастыктап турат. Жакшынын жышааны катары адам рухунун кушка байланыштырылганы да ушундан эмеспи. Теӊирчилик ишениминде асман-обо ата же теӊир ата делип ал эми анын жарчысы, медиатору Умай эне болгон. Умай эне куш болуп көктөн түшкөндө көкө-теӊирдин жиберген жышанасы деп ишенишкен. Умай кушу учуп келген жерге кут даарыган. Бул пикирди дагы Нарынбаева Н. эмгегинде төмөнкүчө келтирет: “Ал эми куш балдары ак куу, бүркүт, карга Жер менен Көктүн гармониясына көмөктөш данакер, медиатр, Теңирдин элчиси. Алар Көкө Теңирдин кудурети менен адамзаттын касиеттүү пенделери шамандар, кудайлардын урпактары болгон падышалар менен никелешип, уруулардын тукумун улоого катышат. Уруулар өз кезегинде алардын ыйыктыгына сыйынып, урпактарына уламыш сөз калтырышат. Кытайдын тарых жазмаларындагы түрк уламышында эне бөрү баланы эмизип жаткан маалда бир кесим этти тумшугуна тиштеген карга дагы каалгып айланып жүргөнү айтылат” [Нарынбаева 2011: 109].

Түрк тилдүү элдерде балким Умай атындагы куш качандыр бир кездерде болгон жана ал ыйык саналып, тотемдик ишениминде адам баласынын колдоочу-энеси катары айтылып калган. Арийне бул пикир чындыка көбүрөөк жакындайт. Жогоруда эскерип өткөндөй балбал таштардын бетинен куштун сүрөттөрүн арбын кездештирүүгө болот. Аларды хакас, алтай элдери Умай ана деп аташат. Балбал таштар тарыхый эмгектерде [Бернштам 1998: 178] баатырларга тигилген эстелик таш катары айтылат. Умай куштун балбалдын үстүнө чегилиши адам баласынын жаны обого көтөрүлүп, бул дүйнөдөн учуп баратканы же болбосо аны Умай кушу өзү алып кетип баратканынан кабар бериши мүмкүн.

Жогорудагы мотивдерден аян берген жарчы катары жана адамга жакын колдоочу катары куш тотеминин паралеллдик өзгөчөлүктөрүн көрүп турабыз. Баатырдын төрөлүшү мотивинде наристенин коргоочусу Умай куштун учуп келиши сүрөттөлсө түш көрүү мотивинде төрөлө турган баатырдан кабар берүү катары бүркүткө (куштардын кырааны катары) болгон анимистик байланышын айтып турат. Мындай көркөм параллелизмди каарманды сүрөттөөдө же кырдаалды сүрөттөөдө каармандын психологиялык партретин баяндоодо кездешет.

Алманбеттин Көкчөгө келиши окуясында ызгыч куш Алманбеттин алдынан тороп учуп, бир урунуп алат. Бул куш суук кабардан же жамандыктан кабар берээрде урунуп – беринип адам алдын торойт.
Бир ызгыч куш жолунан
Качырып келди ошондо,
Канаты менен кагыптыр,
Кайып өтүп алыптыр.
Ачуу келди Алмамбет,

Ушул шылдың кылганы [Ш. Рысмендеев, Манас 2013: 67]. Алманбет Эр Көкчөгө жинденип келе жатып куштун урунганына эки эселеп ачууланат. Түштү арман өзүмө, Адамынын шылдыңы, Аз келгенсип анысы, Шылдың кылат мунусу! Ызгыч-ызгыч-ызгыч куш, Сен ызылдабай ыраак уч, Кара чаар жумурткаң, Этектеп алар балам жок,

Кудай кылды чарам жок! [Ш. Рысмендеев, Манас 2013: 68]. Ызгыч кушту кууп жаа менен атып түшүрөт. Колуна алгандан кийин аны аяп, ыйык санап кайрадан канатын байлап жонуна отургузуп алат. Албетте үйрөтүлбөгөн канаттуу куш дароо адам колуна келбейт, канаты кайрылуу болсо андан бетер бармак эмес. Бул жерден адам канаттуу куштарга жакын болгондугун жана аларды ыйык туткандыгы көрүнүп турат. Жамандын жарчысы катары учуп келсе да аны атып алып, кайрадан айыктырып кою адам баласынын анимистик
байланышынан кабар берет.
Канатын колго алыптыр,
Чүпүрөк менен ороду,
Жакшылыкка жоруду.
Коюнуна салды эми,
“Мен жаралуу каман деп,
Кылган ишим жаман” — деп,
Алмамбет турду токтолуп [Ш. Рысмендеев, Манас 2013:
68].

Ал тургай Алмамбет менен Ызгыч куштун тагдырынын окшоштугу биринчиден анимистик ишениминен улам байланыштуу болсо, экинчиден каармандын психологиялык дүйнөсү параллелдүү түрдө куш менен окшош болуп турат [Кыдырбаева 2009: 60]. “Манас” эпосундагы куштардын көркөм чагылдырылышы сюжет ичинде көркөм параллелизмди; жөнөкөй жана татаал, салыштырмалуу жана ошондой эле өтмө параллелизмди камтыйт. Мисалы пейзаждык сүрөттөөдө куш жаратылыштын бир көрүнүшү болсо, ошол көрүнүш мотивдерде жаратылыштан келген жарчы, адам үчүн көктүн кабарчысы, каармандын психологиялык партретин баяндоодо адам менен руханий байланышта болгон анимистик бирдик. Бул өзөктүү, байыркы-мифологиялык параллелизм болуп саналат. Ал эми мотивдерде орун алган куштардын тотемдик белгилери “коргоочу”, “колдоочу”, “пир” катары кызмат аткарат. Эпикалык чөйрөгө тиешелүү болгон көчүп конмо тотемдик параллелизмдердин бири. Ал бардык баатырдык окуяларда кездеше берет. Куштун мындай ыйыктыгы байыркы космогоникалык мифке ылайык изин калтырышы мүмкүн. Анткени дүйнөлүк мифтердин көбүндө куш көктөн учуп келип, дүйнөнү жараткан деп айтылат. Мисалы, 12-15 кылымда Жапон аралында Айн уруусу мына ушундай ишенимде жашаган. Жогорку дүйнөнүн ээси Пасе Камуй суу каптап турган жер жүзүнө ыйык кушту-Айн кушун жиберген. Ал зор канаттары менен каккылап, буттары менен челип отуруп кургакты жараткан. Адамдар жаралганда алардын колдоочусу жана жарчысы болуп калган [Мифы народов мира 2008: 43] Сибирь чөлкөмүнүн элдери дагы мына ушундай ишенимди кармануу менен башкачараак ой-түшүнүктү алып келишкен. Өрдөк, суу чулдук, ак куу, төмөнкү дүйнөдөн келсе карга, бүркүт жогорку дүйнөдөн учуп келип жер шарын жараткан имиш [Бычков 2009: 3]. Мындай байыркылыктын архетиптик моделин дагы “Манас” эпосунан көрүүгө болот эле, Алмамбеттин Ызгыч кушту айыктырып аман алып калышы, тагдырлаш экендигин түшүнүү жана аны жамандыктын жарчысы катары ыйык саноо, Жакыптын түшүнө кирген бүркүттүн баатырдын колдоочусу катары ыйык тутуу, Умай кушунун көктөн учуп келип наристени колдогону ж.б.

Сибирь чөлкөмүнүн элдери көбүнчө суу куштарына жана талаа куштарын ыйык тутуп келишсе, кыргыз эли бүркүт, ак куу, шумкарды пир тутушкан. Бул дагы жаратылыш чөлкөмгө жараша өзгөрүп, бирок негизги анимистик жана архетиптик, тотемдик калдыктарын сактап калган.

Жыйынтыктап айтканда куш тотеминин сюжет ичинде кездешкен төмөнкүдөй параллелизмдерин кездештирүүгө болот:
Ыйык, өлтүргөнгө болбойт;
Жер шарына жарчы;
Адам баласына жакшылык-жамандык кабарчысы;

Адам баласынын колдоочусу, пир туткан тотеми.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *