ФОЛЬКЛОР, ӘДЕБИЕТ ЖӘНЕ ӨНЕР / ФОЛЬКЛОР, ЛИТЕРАТУРА И ИСКУССТВО/ FOLKLORE STUDIES, LITERATURE AND ARTS

КУЛКОЖОАКМАТ — АХМЕТ ЯСАВИНИН “ДААНЫШМАНДЫКТЫН ЖЫЙНАГЫ” КИТЕБИ ДИДАКТИКАЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРДИН ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ

Акматалиев Абдылдажан Амантурович*

Орто кылымдагы түрк элинин эң атактуу акындарынын бири Кулкожоакмат «Дивани Хикмат», «Даанышмандыктын жыйнагы» китеби менен поэзиядагы суфизм агымынын негиздөөчүсү болгон.

Акындын чыгармасы диний-мистикалык көз караштар менен лирикалык сезимдин синтезинен турат. Ал Алла Тааланы, Мукамбет пайгамбардын үлгүлүү жактарын бийик эмоция менен ушунчалык таза ак дилинен урматтап көкөлөтүү менен бирге сезимтал жан дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрдү лирикалык маанай менен санат-насыят формасында ырга салат.

Кулкожоакматтын чыгармасын биздин заманга өзгөрүүсүз жетти деп айтуу кыйын. Акындын ыр түрмөктөрү оозеки түрдө айтылып келгендиктен жыйнактагы «хикметтердин» айрымдары көптөгөн шакирттери тарабынан кошумчаланышы, толукталышы мүмкүн.

Өзбек изилдөөчүсү Н. Маллаев, казак окумуштуусу Н. Келимбетов акындын ырлары жолун жолдогон, таасирин алган Сулайман Бакыргани, Молдо Шамсилдин өзгөндүн хикматтарында жолугарын белгилешкен [Маллаев Н. Узбек адабияты тарыхы. – Ташкент: Укитувчи. – 1965. – 1-том; Келимбетов Н. Ежелги даур адабиети. – Алматы: Мектеп, 1991]. Хикметтер жыйнагынын түп нускасы жок көчүрмөлөрү Казан, Стамбул, Ташкент шаарларында басылган.

Акындын ырлары жалпы Түркстан аймагына тез жеткен, мусулман эли анын ар бир чыгармасын бийик тутуп, курандын аятындай эле ыйык көрүшкөн [Закиров С. Кыргыз санжырасы.

– Бишкек. – 1996. – 306-б]. Мусул-манчылыктын кыргыздарга таралышы менен ал кыргыздар арасында Сопу Алдаяр деген атка ээ болгон. Анын ырларын дубана, дербиштер жатка көп айта бергендиктен биздин оозеки чыгармачылыгыбызга ажыра-гыс болуп сиңип кеткен:

Үйүм-үйүм дебегин, Үйүң калар күн болор. Малым-малым дебегин, Малың калар күн болор. Үйүм-үйүм дебегин, Үйүң талаа чырпыгы. Малым-малым дебегин,

Малың талаа чымчыгы.
Алла үй, алла үй.

Ислам динине ак кызмат аткаргандыгы үчүн кадыр-баркы артып, олуя, даанышман катары сый-урматка бөлөнөт. Акындын бийик аброюна таянып кийин Аксак Темир өзүнүн саясий идеологиясы үчүн анын Түркстандагы күмбөзүн эң жакшы пайдаланган «Мединада Мукамбет, Түркстанда Акмат» деген сөз калган! Аксак Темирдин көздүн жоосун алган күмбөз-мавзолейди салдыруусу − акындын атагын жана ошону менен бирге чыгармаларын кеңири эл арасына жайылтууга өбөлгө түзгөн. Диний ортолук болуп келген алыскы Мекке менен Мединага барып сыйынууга калайык-калктын мүмкүнчүлүгү келген эмес, ошондуктан жакын турган акындын мечитине барууга ар бир мусулман баласына жеңилдик түзүлгөн. Аксак Темир ошол мезгилдеги күчтүү диний идеологиялык куралды өз колуна алган. Натыйжада акындын хикметтерин билбеген адамды табуу өтө кыйын эле.

Акын бекеринен «дүнүйө жерип, дин жолуна кадам койдум» − деп мойнуна албайт. Ал жаш кезинен тартып көңүлүндө дайыма Алланы жатка кармап, ал аркылуу дүйнөнү туюп, дербиш болууга тийиш болгон мистика-лык жолдун тепкичтеринен өтүп, кудурети күчтүү Акка жанашат…

Акындын мотиви − Кудайдын жалгыздыгы, ага ишенүү, Курандын шарияттарын аткаруу, Кудай бардык нерселердин жана башталмалардын негизи экендигин таануу, дүйнө-мүлккө умтулбай бар болгонуна кайыл болуп жашоо, дүйнөнү кечүү…

Жан чыркырап муунганда, чыкпай кыйнап турганда, Сенден өзгө ким келээр, не кылгаймын кудай-а?!

Ал пайгамбардын өрнөктүү өмүрүнө суктануу менен карайт: Он сегиз миң ааламга улук болгон Мухаммад, Отуз үч миң саабага ыйык болгон Мухаммад, Ач жылаңач алсызга канаагатчыл Мухаммад, Каарлуу, заарлуу зулумга шафаагатчыл Мухаммад.

Түн уйкусун миң бөлүп куран айткан Мухаммад, Карыптарга кайрымын улам айткан Мухаммад. Жолдон азган азгынга жол азыктуу Мухаммад, Кимге эмне зар болсо мол азыктуу Мухаммад…

Дарттуулардын дартына даба берген Мухаммад, Жамандыкка жакшылык жана берген Мухаммад [Кыргыз

поэзиясынын антологиясы. – Бишкек. – 1999. Котормо ырлар ушул китептен алынат] Акын пайгамбардын жашоосун кандайдыр бир деңгээлде туурагысы келет. Ал журт алдында дүнүйө, атак-даңк менен эч бир тиешеси жок, тек гана кудайдын жо-луна түшкөн адам катары көрүнүп, таңкаларлык иштерди ойлоп табат. Бул карапайым калктын көңүлүн өзүнө ынандыруунун эң ийкемдүү жолдорунун бири болгон. Ошонун жыйынтыгында ал 63 жашка келгенде Мукамбет пайгамбардын жашына келгендигин эскертип, колдо бар дүнүйөсүн бей-бечараларга таратып берип, жер алдындагы үңкүрдөн 40 күн чыкпай, сырткы айлана-чөйрөдөн обочо жашаган. Мындай көрүнүштү кудайга өзүнүн ак берилүүсү, азап-тозокту жеңе билүүсү, көрпенделиктен, күнөөдөн арылуусу катары түшүндүргөн.

Акын 30-хикметинде тозок менен бейиштин айтышына кезек берет.

Тозок айтур: − Мен артык, бакыл кулдар мендедир, Бакылдардын мойнунда оттой ысык кишендир. Бейиш айтур: − Мен артык, пайгамбарлар мендедир Пайгамбарлар алдында булак бойлоп үрлөр жүр.

Экөөнүн айтышы жамандык менен жакшылыктын элдешкис күрөшүүсүн, тирешүүсүн туюнтат.

Ошентседа,«Даанышмандыктынжыйнагы»−адамзатбаласы үчүн улуу идеяга бириккен ыймандыктын, адилеттүүлүктүн, акыйкаттыктын, тазалыктын, дидактикалык мүнөздөгү эрежелердин классикалык үлгүсү, энциклопедиясы.

Ахмат Ясавинин дүйнөгө көз карашы карама-каршылыктуу. Ал адам баласын бир жагынан адил-ак жашоого талбай үндөп, чакырып келсе, экинчи жагынан жарык дүйнөдөгү бардык нерселеринен баш тартуу, кечүү мотивдерин ырларга киргизет.

Акын-лирик, жүрөгү тынч албаган, оргуштап кайнаган, деңиздин толкунундай чайпалган, сезимтал, кыялкеч инсан жан дүйнөсүндөгү бушайман өзгөрүүлөрдү кандай айла-амал менен жоошутарын билбейт:

Алла үчүн элден безип карып болсом, Жандан кечип, малдан кечип карып болсом. Жалгыз каздай эрме чөлдө талып болсом, Эмне ылаажы этеримди билбейм достор. Күнөө кылдым кабат-кабат, таатым аз, Өттү өмүрүм капылдыкта мейли кыш, жаз, Жаным кушу талып туру… Көктө сызбас, Эмне ылаажы этеримди билбейм достор.

Ал эрмек үчүн эле ыр чыгарып же көңүлдөгү ойду көркөмдөп гана койбой, ички дүйнөсүндөгү таткан карама-каршылыктуу ал-абалды эргүү менен жар салат.

Акын махабаты тууралуу мындай дейт: «Он бешимде үр кыздары каршы келди, Кол куушуруп таазим кылды, боюн ийди». Өзгөчө анын жаштыкка, өмүр куштарлыгы жөнүндөгү арман ырларын казак тилиндеги басылыштарынан кезиктирсе болот. Кыргыз тилинде хикметтердин баары которулбагандыктан, акындын махабат темасындагы көпчүлүк кыялдануусу көмүскөдө
калып отурат.

Өлүмгө кудайдын ак жолу менен баруу − парз. Акты кара дебей, молдо, муфтилер жалган дуба окубай, алдап-жебей, дүйнө-мүлккө кумар артпай, бирөөгө жалган жалаа жаппай, адал жашоо керек.
«Тандап таттуу жегендер, атлас-кымка кийгендер,

Алтын такка мингендер жер менен жер болуп жатмакчы» − деп, акын өлүмдүн актыгын, бардыгына теңдигин жар салат.

Ал муну менен бир гана Алланы даңктоону максат кылат. Акындын чыгармачылыгында кыямат заман темасы өтө

кеңири орун алган жана аны замана агымынын эң баштоочусу, негиздөөчүсү катары бааласак болот. Кийинки Орто Азиянын даңктуу эл ырчыларына (Махтум-кули, Дулат, Майлыкожо, Медилкожо, Майкөт, Шортоңбай, Аубакир, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч) таасири зор тийгени байкалып турат. Кулкожоакматтын төмөнкү ыр саптарынын мааниси шакирттеринин көркөм өнөрканаларынан, көз караштарынан даана сезилет:

Улуу, кичүү жаранлардан адеп кетти, Кыз, зайыптан жубанлардан уят кетти.
* * *

Мусулмандар мусулманга курал кезеп, Бузук баштап, Акка акаарат кылды кесеп.

Мурут пирге кол сунбады, бербеди эсеп, Ушундай бир шумдук басты достор. Кайда барба калкта кайрым, кеңчилик жок, Падышада, вазирлерде теңчилик жок. Дербиштердин дубасында сээрчилик жок, Түрлүү балаа калк үстүнө жаады достор.

Бул саптардын кудурет-касиети, терең мааниси доорлор алмашкансайынөзүнүнкөөнөрбөстүгүнжоготпой,түркэлдеринин фольклорунун жана эл ырчыларынын чыгармачылыктарында биротоло сиңип, ар түрдүү ва-риацияланып келгендиги айкын көрүнүп турат. Башкасын айтпаганда деле Калыгулдун, Арстанбектин, Молдо Кылычтын «Акыр заман», «Тар заман», «Зар замандарынын» генезисин байыркы орто кылымдагы мурастан баштап кароого болот.
«Түркстанда мазары
«Хикмет» сөзү жайылып,
Бизге калды казалы» −
деп Молдо Кылыч ыр жазса, Алдаш Молдо мындай дейт:
Ошол заман баары өттү,
Нечен кыйын эр өттү.
Кожо Ахмед Яссави,
Каусул Агзам пир өттү.

Ахмет Ясавинин «Даанышмандардын жыйнагы» акындарды тарбиялоонун көркөм сөзүнүн өнөрканасына айлангандыгы талашсыз чындык. Ал 1094-жылы туулуп, 1167-жылы дүйнөдөн кайткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *