СОВЕТ МЕЗГИЛИНДЕГИ КЫРГЫЗ-КАЗАК АКЫНДАРЫНЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК БАЙЛАНЫШТАРЫ

Көлбаева Мээрим*

Кыргыз-казак    акындык     өнөрүндөгү    чыгармачылык байланыштар байыртадан бери эле жалгашып, өнөр үйрөнүү, аны аздек кармоо өӊдүү маселелерде тажрыйба алмашуу менен өнөр секисинде өзгөчө мамиледе болушкандыгын көрүү кыйын эмес. Өзгөчө XIX кылымдын аягы XX кылымдын башындагы Түндүк, түштүк кыргыздарынын, улуу жүз жана орто жүз ка-зактарынын жарымы Кокон хандыгына карап, жергиликтүү бай-манаптардын, султан-бийлердин ыгым-чыгымы көбөйүп, эл эки кабат кош эзүүдө калышы, XVIII кылымдан баштап ка-зактардын XIX кылымдын орто ченинен кыргыздардын Россия империясына ыкташы өӊдүү тарыхый тагдырлардын жакын-дыгы эки элдин акындарынын өтмө катар мамиледе болушу-на негизги өбөлгө болгон. Казактын Чөжө, Катаган, Сүйүмбай, Жамбыл, Сарбас ж.б. акындары кыргыз жерин кыдырып, эки элге орток ырчы катары таанылса, Балык, Тыныбек, Орозалы, Эсенаман, Токтогул, Калык, Алымкул казак акындары менен коюн-колтук алышып, чыгармачылык достукта болушкан.

Кыргыздын улуу жазуучусу Ч.Айтматов: “Илимий-техникалык революция доорунун келиши менен өз ордун көркөм аң сезимдин заман талап кылган башка түрлөрүнө бошотуп берип, бизден улам алыстап, күчтүү өкүлдөрү барган сайын сейректеп бараткан чоң өнөрдүн бири – төкмө ырчылык. Эл ичи түгөнбөс кенч, балким төкмө ырчылардын тукуму үзүлбөй жүрүп отурар. Ошентсе да, мен бул өнөрдүн гүлдөө доору алдыда эмес, артта калды го деп ойлоймун [Айтматов 1982: 495]” – деп акындык, төкмөлүк өнөрдүн убакыттын өтүшү менен кубатын жого-туп келе жатканын жазганы менен улуулардан мурас ката-ры сакталып келе жаткан улуу өнөрдүн учугу кыргыз-казак акындарынын чыгамачылыгында уланып жүрүп олтурду. Мисалы, кыргыздын ырчы, манасчылары менен дайыма тыгыз чыгармачылык байланышта жүрүп, кыргыз жерин көп аралаган, “Манасты” биринчи жолу Тыныбектен угуп, эл арасында аткарып жүргөн. Ошондой эле “Эр Төштүк” эпосу да акындын чыгармачылыгынын эпикалык масштабын кеӊитип, эл арасында көп аткарып жүргөн чыгармасына айланткан казактын улуу акыны Жамбыл Жабаев совет мезгилинде да кыргыз акындары менен чыгармачылык алакада болгон. Ал Токтогулдун “Беш каман”, “Чоң кербез”, “Ой, булбул”, Мураталынын “Камбаркан”, “Ботонун зары”, “Кыргыз Мураталынын күүсү” деген күүлөрдү [Кайбылда уулу Асан 2011: 646] казак элинде таратып аткарып жүргөн.

Жамбыл кыргыздын Калмырза, Балык, Орозалы сыяктуу акын, комузчулары менен өнөр сынашат. Совет мезгилинин жылдарында Тоголок Молдо, Калык, Осмонкул сыяктуу кыргыз акындары, комузчулары менен чоң жыйындарда жолугуп турган. Өзгөчө Токтогул Сатылганов менен жылуу мамиледе болгон. Алгач ирет 1910-жылы Токтогул Сибирден качып келе жатып казак жеринде болгонун, ал жерде Жамбыл менен жолугушу тууралуу Кенен Азирбаевден буларды эскерет: “…

Токтогул Сибирь түрмөсүнөн качып, токойду аралап жүрүп олтуруп, казак жеринин чегине жетип келеген. Ал айыл аралап ырдайт. Эл жыйналат. Казак эли ага жардам көрсөтөт. Семей жеринде бир топ күн болуп, Жети-Сууга өтөт. Анан Каракесте деген жерде Жамбыл менен жолугушат. Сыртынан угуп жүргөн Жамбыл Токтогулду жылуу кабыл алат”. Ошентип эки элдин акын уулдары бирге эл аралап, казактын Кастек, Каскелен, Май-Төбө, Суык, Кулансыз, Кордай, Кебекбай, Ногойбай деген жерлерин кыдырып эл көӊүлүн көтөрүшөт, калктын урмат-сыйына арзышат. Жамбыл да кыргыз жеринде көп ирет болуптур. Токтогулдун акындык өнөрүн жогору баалап сый-урмат менен мамиле кылган. Кийин Жамбыл менен Токтогулдун кезигишүүсү 1912-жылы айтылуу Шабдандын ашында Чоң-Кеминде болуп, конок катары Жамбыл акынга ат мингизип, чапан жабышып сый көрсөтүшкөндө “акыйкатты айтам деп Сибир сүргүнүндө жүрүп катуу кыйналды. Мен бул сыйыңарды Токтогулга берем деп чапанын акындын алдына койду” деген маалымат бар. Токтогул менен Жамбыл экинчи жолу 1922-жылы Токмок шаарынын ири байы Буландын үйүндө жолугушкан. Эки акындын эрмегине тунган эл акыры экөөнүн айтышышын суранышат. Анда Жамбыл: “Биз экөөбүз айтышпайбыз. Көңүлү жакын, сыйлашкан акындар өз ара айтышпайт” –деп жооп берип, кезек менен ырдап эл көңүлүн көтөргөн дешет. Тойдун акырында Булан бай Жамбылга кымкап кийгизип, Токтогулга сый көрсөтүп 500 сом берет. Аны Токтогул Жамбылга сунуп, “орустардан качып келе жатканда эки ай мени багып, алдыма ат, үстүмө тон кийгизип узаткан сыйыңызга кылган ыраазычылыгым” –деп Жамбылга сунат. Жамбыл качык турмушта жүрүп катуу каржалганын, аны бала-чакасынын муктаждыгына жумсоосун айтып 100 сомун алып калганына ыраазычылык айтып өзүнө ыйгарат. 1913-жылы Токтогулду өчөшкөн кыргыз болуштары жалган жалаа менен Наманган түрмөсүнө каматканда шакирттери Алымкул менен Калыктын акынды бошотуп алабыз деп каражат чогулта баштайт. Жамбыл да өзүлүшүн берип, жардам көрсөткөндүгү тууралуу маалыматтар бар [Социалистик Казакстан, 2-июнь, 1946]. Демек Жамбыл Токтогулдун акындык өнөрдө сыйлашкан өнөрлөшү экенин көрүүгө болот. Жамбыл да кыргыз элин көп аралаганын, эки элге бирдей акын болгонун, кыргыздын оозеки чыгармачылыгынан, акындарынан көп таасир адганын А.Үсөнбаевге эскерип айтып берген экен. [Эки дулдул 1989: 30-май].

Токтогулдун Сибирь түрмөсүнөн качып келе жатып казак жеринде Жамбылдын камкордугун көрүшү кийин Молдо Багыш Сарыбай уулунун тагдырында да кайталанган. Бул тууралуу маалымат Баткен аймагында жашаган Ражап уулу Базарбайдан Манзура Базарова Амир кызы жазып алган “Казак жергесинде улуу акын Жамбыл Жабаев менен Молдо Багыштын айтышы” аттуу ырда берилет. Жамбыл менен Молдо Багыштын бул айтышы учурашуу, ал-жай сурашуу маанайында айтылып, “казак талаасына, боордоштордун арасына келген Молдо Багыштын ал-абалын сураган Жамбылдын агалык сөзү менен башталып, жөн жерден байламтада кармалып “кийими бүт жыртылып, өзү арык”, “жөө жүрүп, азап чегип болгон карып” абалы сүрөттөлөт. Ырдагы “мен сени өз боорумдай жакын сезем, жүргүнүӊ айылыма алып кетем” –деген саптарга караганда Жамбыл Молдо Багышка да агалык урмат көрсөтүп, өз айлында өргүтүп, жолго салган өӊдүү [Молдо Багыш Сарыбай уулу 1998: 210]. Демек, Жамбылдын Токтогул, Молдо Багыш өндүү кыргыздын ыр өнөрүн аркалаган адамдарына кылган мамилеси улуу адамкерчиликтин, өнөрдү аздек туткан адамдардын бийик үлгүсүн көрсөтөт.

Жамбыл кыргыздын мыкты комузчу, кыякчысы Муратаалы менен үй-бүлөлүк катышта болуп, эӊ эски достордон болгон. М.Күрөнкеевдин Жамбыл менен достугу аны домбураны кадимкидей чертип, ал турсун аны комузунун бир бетине чаап алып, эл арасында аткарып, “Кожотайдын кара күүсү”, “Жамбылдын кара күүсү”, “Кулматтын кара күүсү”, деген залкар күүлөрдү чертип, “Кожотайдын обону”, “Кулмамбеттин обону”, “Кенендин обону”, “Мыкандын обону” деген казак обондорун комузга иштеп чыгып, аларды тереӊдетип, ал күүлөрдүн нугунда, таалиминде “Камбаркан”, “Терме Камбаркан” күүлөрүн иштеп чыккан [Алагушев 1962: 39]. Жамбылдын жигиттик курагында ырдап жүргөн арноо ырларын Мураталы үйрөнүп эл арасында ырдап жүргөн. Ал казактын “Муӊдук-Зарлык” (“Жанчаркан”), “Кыз Жибек”, “Алпамыш” сыяктуу поэмаларын, “Заркум” “Сал-сал” жомокторун Жамбылдан үйрөнүп айтып жүргөнүн эскеришет [Кебекова 1985]. Кыскасы Жамбыл менен Мураталынын чыгармачылык, достук байланышы өмүрүнүн акырына чейин уланып, бүгүнкү күнгө чейин уламыш катары айтылып келет.

Жамбыл — эки доорду көрө жашаган акын. Советтик мезгилде да акындын кыргыз боордошторуна карата биртуугандык мамилеси баштапкы калыбында сакталып, кыргыз ырчылары менен жакшы мамиледе болду. Алымкул Үсөнбаев Жамбылды өз устаты катары бааласа, Калык менен Алымкул 1938-жылы Жамбыл акындын 90 жылдык мааракесинде куттук ырын ырдашып, өткөн замандагы хан-бектердин жосунсуз жоруктарын айта келип, уруш талашты жок кылып, достукка жол ачкан ырчылыкка, Жамбылдын чыгармачылыкка кылган камылгасын ырга салышат. Ал эми Тоголок Молдо Жамбыл акынга арнаган ырында анын маӊыздуу турмушуна, чыгармачылык бийиктигине чын дилден кубанат, өзүнүн сексенде экендиги көӊүлдөн чыгып, жаш курагындай ал-кубат алгандыгын, сыймыкка жүрөгү толкуп, көӊүлү өскөндүгүн” акындык эргүү менен ырга салат.

Жамбыл жигит кезинде Чөжө акынды ээрчип, кыргызды аралап [Кебекова 1985: 214] чоӊ акындардан таасир-таалим алып, Чөжөнүн кыргыз жеринде ырдаган ырларын үйрөнүп, ырдап жүргөнү менен баардык чыгармалары эл оозунда гана айтылып, жазылып калбаган. Бүгүнкү күндө акындын кыргыз жеринде ырдагын ырларынын ичинен Шабданга карата айткан эки ыры гана белгилүү. Ал ырларында кыргыз беги Шабдандын өз элине жасаган мамилесин:

Акынга дайын дейтін ат, шапаныӊ, Шапан үшін мен сени мактабадым, Еліӊнин бұлдығынан кұдыгы басым жатыр, Кай жакта елдін тузын актағаныӊ. Бірі ток, мыӊынын өзегі талып жатыр.
Ел башкару карыпнын камыма еді,
Итте, кұста тамағын тауп жатыр [Жамбыл 1938] – деген саптарында өзгөчө таасын чагылдырып, «элден чыккан эр болсоӊ, элге кара» деген сунушун айткан. Демек, кыргыз-казак акындарынын чыгармачылык байланыштары тууралуу талдай келип, төмөнкүдөй жыйынтыктарды чыгарууга болот.

Биринчиден, Жамбыл кыргыз жеринде көп болуп, казак менен кыргыздын оозеки чыгармачылыгына канып, өз талантын такшалтууга чоӊ чыгармачылык азык калган, ошол эле учурда кыргыздын жаш акындарына үлгү болууга жетишкен. Мындан улам Жамбылды устат катары кадырлаган акындар болгон. Мына ушундай чыгармачылык алака-катыш акындын өмүрүнүн акыркы жылдарында, совет мезгилинде да өзгөчө сый менен уланганын көрүүгө болот;

Экинчиден, Жамбыл Балык, Тыныбек, Орозалы, Эсенаман, Токтогул, Калык, Алымкул сындуу акындары менен эл арасында ырдашып, эки элдин маданий алтын көпүрөсүнө айланган;

Үчүнчүдөн, Жамбыл кыргыздардын акындык өнөрүнө гана өз таасирин көрсөтпөстөн, күүчүлүк, комузчулук өнөрүн өткүндөтүүдө, кыргыз жерине казактын “Муӊдук-Зарлык” (“Жанчаркан”), “Кыз Жибек”, “Алпамыш” сыяктуу поэмаларынын тарашына дагы чоӊ кызмат өтөп, ошол эле учурда кыргыздардын “Манас”, “Эр Төштүк” эпосторун, Мураталынын күүлөрүн казак боордошторго жайылтууда өзгөчө кызмат өтөгөн. Токтогул ырчы Мураталы күүчү менен болгон чыгармачылык, достук байланышы эгиз элдин эл досугунун бийик үлгүсү болуп калган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *