К. ЖУСУБАЛИЕВДИН “МУЗДАК ДУБАЛДАР” РОМАНЫНДАҒЫ КӨРКЕМ ОБРАЗДАРДЫҢ СЕМАНТИКАСЫ

Кадырманбетова Айнура Күмәновна*

Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылыгы аны менен замандаш-калемдеш жазуучулардын чыгармачылыгынан таптакыр айырмаланып турган өзгөчөлүктүү көрүнүш. А.Токомбаевден тартып бүгүнкү күндө төбөсү көрүнгөн кыргыз жазуучуларынын дээрлик бардыгы реалисттик адабиятты жаратуучулар болушса, К. Жусубалиев кыргыз адабиятындагы бирден бир модернизм, постмодернизм багытындагы чыгармаларды жараткан жазуучу.

1987-жылы «Ала-Тоо» журналынын № 8 санына жазуучу-нун «Амбарная книга» повести «Күздүн акыркы күнү» деген ат менен жарык көрдү. 1991-жылы «Муздак дубалдар» китеби чы-кты. Жазуучунун айтымында «Муздак дубалдар» романы 1969-жылы эле жазылып бүтүп, соцреализм «цензурасынан» өтпөй, жарык көрбөй жаткан экен.

Постмодернисттик багыттагы чыгармалардын сюжеттик өнүгүшүндө реалисттик чыгармалардагыдай себеп-натыйжалык байланыштар ачык, даана көрүнбөйт. Постмодернисттердин чыгармачылык принцибинин негизин «турмуш текст сыяктуу» же тескерисинче «текст турмуш сыяктуу» («жизнь как текст») түшүнүк түзөт. Ушундан улам постмодернисттик прозада баяндоонун формасы «аң сезим агымы» («поток сознания») ыкмасына негизделет. Постмодернисттик текст демейдегидей белгилүү бир концептуалдык идеянын айланасында ырааттуу өнүктүрүлгөн сюжеттик окуясы жок, күнүмдүк көр тириликтик майда бараттардын жана ирреалдуу, иррационалдуу делбеленген ойлордун жана көрүнүштөрдүн баш аламан тизмегинен тургандай элес калтырат. Бирок, ал албетте, баш аламан тизме эле эмес, ал о.э. белгилүү бир көркөмдүк системага негизделген татаал ассоциативдүү образдар, символ, метафоралар, ар кандай идеялык — эстетикалык, социалдык-философиялык, психологиялык маани мазмунду өзүндө камтып турган пейзаждык, портреттик, интерьердик, диалогдук, монологдук композициялык элементтер.

«Муздак дубалдын» идеялык-тематикалык мазмунун параллель өнүктүрүлгөн эки мазмундук катмарга (балким андан көпкө) ажыратууга болот. Биринчиден, романды адамдардын ортосунда ич ара руханий байланыштар үзүлүп-сүзүлүп, жатыркоо өкүм сүргөн коомдогу «муздак дубалдарга» курчалган инсандын тоталдык жалгыздыгы жөнүндөгү чыгарма, экинчиден, о. э. ушундай коомдогу жазуучунун чыгармачылык жалгыздыгы жөнүндөгү чыгарма катары кабыл алсак болот.

Романга элдик кошоктон: Капылес жатып түш көрсөм, Карарган көлдөр көрүнөт. Карарган көлдөр үстүнөн, Карайган өрдөк бөлүнөт. Карарган көлдөр – көз жашым, Карайган өрдөк – өз башым – деген кайгы, аза, жалгыздыктын жапасын чагылдырган саптар эпиграф катары колдонулат. Элдик кошок жаңы контекстке карай чыгармачылык жолу катаал инсандын жеке чыгармачылык азабын, чыгармачылык кайгысын, чыгармачылык жалгыздыгын чагылдырат.

«Арыков», – бул фамилиянын аталышынын өзү символикалуу. Арыков, автор өзү айткандай, «башы кара, буту айры» көп адамдардын бири, ошол эле убакта Арыков – миң түркүн ойлордун агымынан: көргөн, уккандан, келе калган кирди-чыкты сезимдерден, кош көңүл, жалкоо, баш аламан ойлордон; талдап ой жүгүртүүдөн; эскерүүдөн, сүйүүдөн, жек көрүүдөн, күтүүдөн, үмүттөн, үмүтсүздүктөн, каалоодон, умтулуудан турган «аң-сезим селинин» өткөргүчү. Романды башында Аккан арыктын баласы какыраган сайдагы жол менен (жазуучу кийин макалаларында айтмакчы, оодарылып, күкүктөп, шарылдап акканга мүмкүн эмес соцреализм нугунда) Кара Бакка (демек, соцреализм үчүн ичи тунгуюк сырдуу, чырдуу, табышмактуу адабий дөөлөттөр, көркөм дүйнөнүн метафорасы болгон) карап (бет алып) келатты. Белгилей кетчү нерсе, какшыган сайдагы жолдо жана Кара бактагы окуялар бүтмөйүнчө башкы каармандын аты-жөнү аталбайт, анын «Арыков» экенин кийин билебиз. Жазуучу бардык жерде аны «аккан арыктын баласы» – деп атайт. Тактап айтканда, Аккан арыктын баласы Какшыган сайда Кара бакты беттеп кетип баратып, бутун ташка уруп, тырмагын каңтарып алат.

Баяндоонун жүрүшүнөн Какшыган сай менен Кара бак метафоралык антитезалык образдар экенин туюнабыз. Бул экөөнүн ортосундагы аралыкты Арыков басып өткөн ЖОЛ да өз алдынча символикалык мааниге ээ. Ошентип, жашынаарга жайы жок, «баса калып куйкалап жиберчүдөй», «кан ичмеси кармагандай» күн алдындагы Какыраган Сай (мамлекеттик көзөмөл алдындагы партиялуу адабият) менен «түн түшкөндөй» Кара Бак (жазуучу үчүн табышмагы көп, «жаңы» адабият) беттеп бара жатып, Арыков «Какыраган сайдын жээгиндеги дүпүйгөн Кара Бакка жакындаганда капкачанкы бир көргөн түшүн дагы эстеди. Түшүнө кирген да үч орусча сөз: ТАЙНА, ТАЙНА, САД. Ушу уч-кыйырына көз жетпеген аскалардай зыңкыйышкан үч сөз таптаза эсинен кетпей коюшту» [Жусубалиев 1991: 9]. Кий-ин бул үч сөздүн катары «Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат» романында дагы эки сөз менен толукталып, бир нече ирет кайталанат. Алар: ТАЙНА, ТАЙНА, САД, КАФКА, КЛЕЙСТ.

К. Жусубалиев, алдыда айтып өткөндөй, дүйнөлүк адабият менен катар мифология, философия, дин тарыхы боюнча да кеңири маалыматтуу жазуучу. Жазуучунун чыгармаларындагы образдар системасын талдай келгенде көпчүлүк учурда аларды көркөм чыгармачылыктын түп башаты болгон мифологиялык образдар алдыртан азыктандырып, тургандыгын байкоого болот. «Какшыган сайды» эмне үчүн биз партиялык адабияттын метафорасы, символу катары кабыл алып жатабыз? Биринчиден баяндоонун жүрүшү, сюжеттин өнүгүш динамикасы буга шарт түзүп турат. Экинчиден, ошол баяндоонун жүрүшү жаңсап, кыйытып турган мифтик образ. Байыркы грек мифологиясы боюнча акындык эргүү, таланттын символу катары эсептелген канаттуу ат Пегастын туягы тийген жерден, Геликон тоосунун чокусунан кереметтүү булак атырылып чыгып, анын суусу акындарга эргүү берген экен. «Пегас» деген сөздүн грекче сөздүктүк мааниси, этимологиялык негизи «булак» (гр. реgе – источник) деген түшүнүктү берет экен. Демек, автор романында советтик адабиятты, анын саясатташкан «агымын» чыгармачылык эргүүгө тиешеси жок Какшыган Сайга салыштырып жатат.

«Какшыган Сайдын жээгиндеги дүпүйгөн Кара бак алыстан бир башкача калааты көрүндү. Ичи түндөй караңгы, анан дагы шуулдайт. Оюна ар нерсенин башы бир келди. Кирип чыгып жаткан, кирип чыгып жаткан. Кайдан билем эмнеси кирип, эмнеси чыгып жатканын деди ал. Анан оозун жыя электе бутун ташка катуу уруп алды. Кичине эле ырысы жок башыңды жерден алсаң, көтөрсөң болду, ушинтип мүдүрүлөсүң, жыгыласың, оңкоңдон сайыласың, же дагы бир балээге учурайсың. Даяр эле бол – деди ал – даяр эле бол. Дайым даярмын! Бул оюнан улам анын жарпы жазыла түштү. Башын кайра жерге салды. Ушинтип жүрүшү ага тынчыраактай, оңоюраактай, баарынан да көйкабы жогураактай көрүндү. Чынында ошондой» («Муздак дубалдар», 7-бет). Ушинтип кетип баратып эле Арыков өзүн «капысынан» качкын сезе баштайт. «Кан көп ага баштады. Ага берсин арам кан,– деди ал. Какыраган сай өмүрүндө кан көрбөгөнсүйт. Мына эми көрсүн, көрүп жатсын. Ал өзүнүн каны жуккан таштарга карады. Эмнегедир өзүн качкындай сезди. Кийинки убактарда ушул обу жок ой аны көп аркалоочу болду. Эми оңой эле ушул из менен кууп кармап алышат – деди ал өзүнө. Анан бул оюна кантип өткөнүн пааркабай калды» [Жусубалиев 1991: 7].

Арыков бекеринен өзүн качкын сезип жаткан жок. «Какыраган сай» – соцреализм нугунан чыккан жазуучу коом тарабынан антиреалист, антисоветтик жазуучу деп эсептелип, куугунтукка алынышы турган иши эле.

Бактын көркөм образы модернисттик, постмодернисттик багыттагы чыгармаларда өзгөчө персонификацияланып, жерге терең жайылган күчтүү тамырлары менен ар кандай табият катаалдыктарына чыдамкай, туруктуу, жандуу ар кандай көрүнүштүн символу катары сүрөттөлгөн учурлар көп. Дегеле бактын образы мифологиядагы өмүр дарагынын микромодели катары көркөм чыгармачылыкта кеңири пайдаланылган традициялуу көркөм каражаттардан. Мисалы, «Манастагы» Чынар терек, Л. Толстойдун «Согуш жана тынчтык» романындагы карт дуб.

Роман өзү да Кара Бактын бир күнү өрттөнүп кеткендигин баяндаган көрүнүш менен башталат.

Пенделик тагдыр, турмуштук принциптер, жашоо-тиричилик образы менен жазуучулук тагдыр, принциптер жөнүндөгү түшүнүктөр К. Жусубалиев үчүн эч бөлүнбөс, чеги ажыратылбаган бүтүн түшүнүк. Маселен, ал айтылуу Толубай сынчы жөнүндө чыгарма жазып, анын эл арасында аңыз болгон сынчылыгы жөнүндө айтуу менен катар К. Жусубалиев өз аңгемесинде жазуучу да мезгил сынчысы, бийлик анын «көзүн ойгон» күндө да ал Толубай сындуу өз принцибинен жазбай акты ак, караны кара (күлүктү күлүк) деш керектиги тууралуу ойду айттым деп түшүнөт. Мергенчиликтин кумары менен жүрүп өзү да байкабай жалама зоого камалып калган Кожожаштын образын К. Жусубалиев чыгармачылыктын кумары менен жүрүп өзү да байкабай ошол чыгармачылыктын опурталдуу бийик «зоосуна» камалган жазуучу, дегеле жалпы өнөр ээси менен ассоциациялаштырып кабылдап, Кожожаш тууралуу аңгеме, повестинде ушул идея, теманы да кошо камтыдым, Кожожаштын арманы менен кошо өзүнүн чыгармачылыгы «муздак дубалдар» – туш-тарабы тосулган жасалма зоодо калгандай абалынын арманын кошо айттым деп түшүнөт.

Романдын башынан аягына дейре адамдар ортосундагы боордоштук сезим, жасалмасыз, чын ыкластуу мамилелерге карата лирикалык каармандын кусалыгы, коомдогу руханий «дефициттик» жөнүндөгү мотив туруктуу мотивдерден. Ага мисал катары Ажыга барып келген абышкага байланыштуу эпизодду келтирүү жетиштүү. «Качан гана ажына тийгендей эч нерсени көздөрүнө илишпеген эл машинадан бир куураган алмадай чүрүшкөн-бүрүшкөн кичинекей абышканы, көз уялткан аппак көйнөк дамбалчан абышканы сууруп чыгышып, анын ошол көз уялткан аппак көйнөк дамбалын түз эле үстүнөн жыгачтын кабыгын сыйрыгандай сыйрыппы, же жөн эле баланы чечиндиргендейби чечиндирип алышып, деги көз уялткан аппак көйнөк дамбал колдон колго өтүп, тырмактайдан тытылып көздөн кайым болгондо, бечара абышка энеден туума боюнча ошол көйнөк дамбалынан кем калышпаган көз уялткан аппак денесин кайда катаарын билбей онон бетер чүрүшүп-бүрүшүп турганын көргөндө гана, дагы бирөөнүн айтканынан улам, бул абышканын Ажыга барып келгенин билди. Бул тополоңдо мелисанын тызылдатып ышкырганы да анан бул жолу кулакка күлкү келерлик угулду». [Жусубалиев 1991: 94].

Бул окуяны лирикалык каарман катуу таасирленип кабыл алат, а түгүл эс-учун жоготуп кулап түшөт.
Дегеле, постмодернизм адабиятынын поэтикасында
фольклордук-мифологиялык, классикалык образдарга, тексттерге карата мамиле кызыктуу. Постмодернист жазуучулар, өзүлөрүнүн стилине салып айтсак, алар кааласа Пушкин менен чылым чегишип, далысын таптап маектеше алат, кааласа Кожожаш мерген менен ууга чыгып, ал аталбаган Сур эчкини атып алып, «эти деле жок башты артынып ала кетеликпи, же аскада жата берсинби тарых болуп?» деп кайра мергендин өзү менен «проблемалуу» маселени бирге талкуулашат. Окурмандын «ошолбу, ошол эмеспи» деп, «тааныш-бейтааныш каарманды» бүшүркөп тааный албай жатканына автор сырттан мулуюп карап турат.

Постмодернист жазуучулардын чыгармаларында руханий маданияттын өз-өзүнчө турган мезгилдик-мейкиндик алкактарынын ортосундагы чектер өчүрүлүп, бирикпей тург ан нерселер бириктирилет (деконтсрукция, деканонизация), иерархиялар сакталбайт. Алар ар бир өткөн доорлор жараткан рух байлыктарын, көркөм дөөлөттөрдү өз чыгармачылыгында пайдаланууда андагы өзүлөрүнө керектүү рационалдык данектер формалык-мазмундук жактан жаңыча өң-түс алып, модернизацияланат. Ч. Айтматовдун «Гүлсараттагы» «Кожожаш» менен «Карагул ботомду» кыйыштыруусуна карата айтылган «Калктын рухий дүйнөсү да, ишенимдери да, жомоктору да ким каалаагандай бурмалай берчү анчейин гана нерсе эмес» (А. Салиев) деген сыяктуу дооматтар постмодернисттер үчүн таптакыр актуалдуу эмес.

К. Жусубалиев фольклорго абдан эле эркин мамиле кылат. Ал фольклордук сюжеттин негизинде «Кожожаш мерген» аттуу повесть да жазган. Повесттеги Кожожаш мерген Зулайкага үйлөнбөйт. Ал Зулайка кыз берген оттой кызыл алманы «убакыт, шамал, күнгө бети оймо-чийме чарт-чарт жарылып туурулган бырыштуу муздак дубалга жөлөнүп, абаны, күндү, шамалды, жерди жеп, кемшеңдеп чайнап (колунда, этегинде эч нерсе жок эле) отурган аппак саамай, жылаңайлак, азиз кайырчы кемпирдин» этегине таштап кетип калат. Кожожаш таштаган ал алма түбүндө барып архаикалык-мифологиядагы Адам ата, Обо эненин күнөөкөр болуп бейиштен куулушуна себеп болгон кызыл алмага барып байланышат.

Зулайканын колундагы алма – куш жеминдей азгырык, өзүнө жаккан адамды бөлүп алып өзүмдүк кылуунун символу. Мындай символдор – орден, медаль, сыйлык, материалдык кызыкчылыктар ар заманда нечендеген өнөр ээлерин түпкүчтөй ийилтип, бийликке кызмат кылдыруунун негизги каражаты болуп келгени түшүнүктүү. Ал эми кемпир – карт тарыхтын, мезгилдин, күнөөкөр пенделердин түп энеси – Обо эненин элеси сыяктуу.

Жыйынтыктап айтканда, К.Жусубалиев – сыры көп, сы-рынан чыры, талашы көп романдары менен кыргыз адабияты-на жаңы багыт, жаңы нукту алып келген оригиналдуу жазуучу. Анын чыгармалары дагы далай кепке кызыктуу объект болуп бермекчи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *