ЖАЛПЫ АДАМЗАТТЫК БААЛУУЛУКТАР ТҮРК ЭЛДЕРИНИН АДАБИЙ МУРАСТАРЫНДА

Ыйсаева Нурзина Токторбековна*

Бүгүнкү күндө адамзат коому билим алуу менен интеллектуалдык жактан өсүп, тез өнүгүп, жашоо үчүн абдан ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Адам баласы улам убакыт өткөн сайын мыйзамченемдүү эволюциялык жол менен өйдө карай өсүүдө. Адам өзүнүн техникалык жана интеллектуалдык потенциалы менен бүгүнкү күндө эң чоң күчкө айланган. Жаратылышка болгон адам баласынын күчү жер планетасын, андагы тирүү жандыктардын баардыгын өзүнө көз каранды кылууга жетишти десек болот. Бирок бүгүнкү күндө адам баласы саясий, социалдык, экономикалык, экологиялык, эң негизгиси руханий туңгуюкка келип такалып турат. Глобалдашуу процессинде өзүбүздүн интеллектти өстүрүү менен алектенип адам заты үчүн эң баалуу нерселерди унутпашыбыз керек. Адамзаттык баалуулуктар мезгил жана мейкиндикте баш ийбей турган, эч өзгөрүүсүз жүрөгүбүздө жашай турган түшүнүктөр. Чынчылдык, сүйүү, айкөлдүк, акыйкаттуулук, атуулдук, боорукердик, сабырдуулук ж.б. мыкты сапаттарга тарбиялоо кыргыз элинде улуттук каада-салт, ырым-жырым, салт-санааларга негизделген, ар бир үй-бүлөнү коштоп жүргөн жазылбаган эрежелер аркылуу, тарбия аркылуу ишке ашат.

Түрк элдеринин фольклордук чыгармаларынан, профессионал адабиятынан, балдар адабиятынан жана түрк элдеринен чыккан алсак Коркут Ата, Аль-Фараби, Ахмет Ясави, Низами, Абай Кунанбаев, Токтогул Сатылганов, Чыңгыз Айтматов сыяктуу ойчулдар, залкар инсандардын адабий мурастарында дайыма жалпы адамзаттык баалуулуктарды даңазалоо, ошол жалпы адамзаттык идеяларды ишке ашыра турган көркөм туундуларды жаратып, турмуш чындыгын таанытууга умтулуу негизги максаты.

Бешиктеги бала тарбиясынан баштап, адамгерчилик-ый-ман тарбиясы, баатырдык, патриоттуулук тарбиясы, эмгек тар-биясы, сулуулук-сымбат тарбиясы, дене тарбиясы, экологиялык тарбия ж.б. баары ар бир элдин улуттук өзгөчөлүгү болгон каада-салтында камтылган. Ал эми бул түшүнүктөр ар бир адам-ды улуттук рухта, патриоттук сезимде тарбиялоого, даңктуу ата-бабаларынын калган элдик каада-салттарын сактоого, алар-ды жайылтууга үндөйт.

Адам баласын жарык дүйнөгө келгенден баштап, өмүрүнүн акырына чейин түрдүү салт-санаалар, ырым-жырымдар коштоп жүрөт. Адам үчүн таанып билүүчүлүк, таалим-тарбиялык мааниге ээ каада-салттар элдин, улуттун, дегеле адам баласынын көп жылдык тарых-тажрыйбасынын негизинде калыптанат. Күнүмдүк жашоо-тиричиликте колдонулган элдик каада-салттар о.э. элдин оозеки чыгармачылыгында, акындар поэзиясында, профессионалдык адабиятта кеңири көркөм сүрөттөлгөн. Мына ошол адабий мурастар аркылуу эски каада-салттар элдин эсинде узакка сакталып, зарылдыгына жараша кайра жандандырылып, аны турмуш-тиричилигибизде пайдаланып, таалим-тарбиялык маанисин түшүнөбүз.

Коомдун тарыхый-экономикалык, саясий-социалдык жак-тан өнүгүшү жеке адамдын психологиясынын өзгөрүшүнө алып келип, глобализация жана маалымат алмашуу процесси улуттук баалуулуктарга мамилени өзгөртүп, аларды баалоо, сактоо проблемалары четке сүрүлө баштады. Бул туурасында улуу жазуучу Ч.Айтматов мындай дегени бар: “Бүгүн, или-мий-техникалык революциянын жана коммуникациянын мас-салык каражаттарынын дүркүрөп өнүгүшүнүн кылымында моралдык-этикалык байлыктардын, касиеттердин кайталанба-стыгын, өзгөрбөстүгүн жана алмашылбастыгын, адепки маңы-зын жана мазмунун түзгөн рухий мүмкүнчүлуктөрдү жаңыча шарттарда далилдөө жана бекемдеп калуу үчүн адабиятка чоң сыноодон өтүү милдети турат” [Айтматов Ч. Закон всемирного тяготения. Китепте: Айтматов Ч. Собрание сочинений: в 3-х томах. Рассказы. Очерки. Публицистика. – М.: Мол. Гвардия, 1984.1]. Жазуучу өзү белгилеп кеткен чоң сыноону өз башынан өткөрүп, чыгармачылык жолунда этикалык-нравалык пролема-ларды алып чыгып, ошол проблемаларды коюуда жана аларды чечүүдө кыргыз элинин жана башка элдердин кылым карыткан элдик салт-санааларына кайрылган.

Бала тарбиялоого түрк элдеринде өзгөчө көңүл бөлүшкөн. Үй-бүлө күткөндөн кийин ар бир адамдын алдындагы негизги милдети өзүнөн кийин туяк калтырып, тукумун улоо, татыктуу тарбия берүү. Кыргыздарда баланы жашынан ата-энеге күйүмдүү, бир тууганга кайрымдуу, элпек, сылык, боорукер, чыйрак, эрки күчтүү, акылдуу, патриот, жоомарт,жоопкерчиликтүү тарбиялоого умтулушкан. Эзелтеден элибизде балага байланыштуу мыкты ырлар, поэмалар, макал-лакаптар, түрдүү ырым-жырым, каада-салттар сакталып келет.

Алсак ар бир түрк элинде балага арналган, кыргызда “Бешик ырлары”, казакта “Бесик жыры”, татарларда “Бишек жырлары”, азербайжандарда “Лайла”, түрктөрдө “Нинни” ырлары кеңири кездешет. Алардын ар башка элде, ар башка тилде ырдалса да негизги мааниси бир, эненин балага болгон чексиз сүйүүсү, мээрими, ак тилеги, келечекке болгон үмүт-максаттары камтылган. Бир аз үзүндү келтирели:

Кыргызда: Алдей-алдей, ак бөпөм, Ак бешикке жат, бөпөм. Кунан койду сой, бөпөм, Куйругуна той, бөпөм.
Алдей, балам, ыйлаба,

Апакеңди кыйнаба.

Казакта: Элди, бөпем, ак бөпем, Ак бесикке жат, бөпем. Астыңа терлик салайын, Үстиңе токым жабайын. Ауылдап кеткен апаңды Издеп кайдан табайын? Жылама бөпем, жылама, Ата-екеңди кинама!
Азербайжанда:
Лайлай атам баласы,
Айым-гүнүм парасы.
Мэн сэнэ гурбан олум.
Гөзүм агы – карасы.
Гөйчек балам, а лайлай
Чичек балам, а лайлай.

Түрктөрдө: Нинни десем бени якар Бешигинде гүллер кокар Кётү сөзлер хатыр йыкар

Нинни явружагым нинни. [Түркилик тарбие. Антологиясы. – Алматы: Интеллсервис, 2013.]

Түрк элдеринин балдар фольклорундагы эң көп кездешкен бешик ырлары жаңы төрөлгөн наристени бешикке салып терметүүдө ырдалган. Алгач нарктуу, барктуу, элине кадырлуу, көп бала төрөгөн байбичелер ырымдап баланы бешикке салган. Бешик тою өткөрүлүп, ага жакын ага-туугандары, тайке-жээндери чакырылып, жалпы батасын беришкен. Бардык элдерде кездеше турган балага арналган ырым-жырымдар, салттык жөрөлгөлөрдү атасак, балага кырк күн болгондо “кыркын чыгаруу”, “бешикке салуу”, бир жашка чыкканда “тушоо кесүү”, 3-5-жашка келгенде “сүннөт тою”, андан кийин эрезеге жетсе “үйлөнүү тою” белгиленет. Түрк элдеринде бул каада-салттар ирээти менен ичинен айырмаланган ыры-жырымдары менен ишке ашырылат. Ар бир кубанычтуу той албетте, баланын кең келечеги, жакшы адам болуп өсүшүнө тилек айтып, “бата берүү” менен коштолот.

Мындан туура 1000 жыл мурда жашап өткөн Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” дастаны орток түрк адабий му-растардан. “Бул китептин өзөгү – айрым өзгөрбөс, түбөлүктүү төрт түшүнүктөрдөн турат: биринчиси – адилет, экинчиси – дөөлөт, үчүнчүсү – акыл, төртүнчүсү – каниет делип, алардын ар бирине түркчө өз аттары берилген…” [Жусуп Баласагын. Куттуу билим. – Бишкек, 2015. 13-б.] Чыгарма башынан аягына чейин жалпы адамзаттык баалуулуктарды акылдуулук, сабыр-дуулук, чынчылдык, жоопкерчилик, боорукерлик ж.б. даңаза-лап жол көрсөтө турган чыгармалардан. Сөзүбүз куру болбош үчүн чыгармадан мисал келтирели:

“Бак конуп, эгер бирөө так алган соң, Жакшы мыйзам, тартипте башкаруу оң.

Бирөөгө тийген болсо бийлик күчү, Боорукердик дайыма болсун иши!

Ал болсо эл талабын жазбай тапчу, Сөзү токтоо, иши оң болгон жакшы.

Айныма бакыт өзү – бир көрсөң жок, Бир көтөрүп, бир кайра таштама шок.

Айкөл бол, бакыт деген айныма азап,
Бүгүн турса жаныңда, эртең качат!” – деп жазылат. [Жусуп Баласагын. Куттуу билим. – Бишкек, 2015. 69-б.] Улуу ойчул адамдагы эң асыл сапаттардын бири боорукердик жана айкөл-дүккө үндөгөн Хажиб Айтолдуга жооп берет. Баланы тарбия-лоо маселесине карата Жусуп Баласагын “Куттуу билим” даста-нында кеңири токтолот. Эзелтеден түрк элдеринде уул-кызды тарбиялоого өзгөчө мамиле жасашкан. Жакшы кыз, жакшы уул ата-эненин гана эмес, бүтүндөй уруунун, айылдын намысы болгон. Ошондуктан төрөлгөн мезгилден тарта алардын ыйман-ызаатын, жүрүш-туруш этикасын көзөмөлгө алып, турмуш жолуна даярдаган. “Кыздуу үйдө кыл жатпайт”, “Кызга кырк үйдөн тыюу” деп кыз баланы тарбияласа, “Жигит бир сырдуу, миң кырлуу болсот”, “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”, “Уул жаманы – уйгак, кыз жаманы – камгак” деп акыл айтып уул-баланы, жигитти тарбиялашкан. Жусуп Баласагындын дастанында үй-бүлөдө уул-кызды тарбиялоо тууралуу да терең ойлор камтылган. Акындын ою боюнча билим берип, адептүү тарбияласаң, бар болгон бактың ошол. Кыз тарбиялап, уул өстүргөн соң:

Билим берип, адептүү тарбияла, Эки дүйнө бактылуу болот анда.

Келин алып, кыз чыгар куда күтүп, Кайгы-капа билбеген байлык бүтүп. Уулдарга үйрөткүн жакшы сапат, Жакшы уул байлык да, бакыт табат.

Тескеп тур, уул ишсиз бош калбасын, Бош болсо текке кетер өмүрү чын.

Төрүңдө картайтпагын кызды кармап,
Кеселсиз чөгүп кетер, күйүт арбап… [Жусуп Баласагын.
Куттуу билим. – Бишкек, 2015. 337-б.], — дейт Жусуп Баласагын.
Түрк элдеринде үй-бүлөлүк баалуулуктардан үй бүлө курууга багытталган үйлөнүү үлпөтүнө өзгөчө көңүл бөлүшкөн. Ага байланыштуу ырым-жырым, үрп-адаттарда да бир топ жалпылыктар кездешет. Муну тарыхый-этнографиялык булактардан, ошондой эле адабий мурастарда сүрөттөлүшүнөн көрүүгө болот. Бардык элдерде үйлөнүү үлпөтүнө катышуучулардын тилеги бир. Бул тууралуу окумуштуу А.Акматалиев мындай дейт: «Үйлөнүү үлпөтү — бул адам баласынын келечегинин эң негиздүү башаты жана муундарды тарбиялоонун булагы. Үйлөнүү үлпөтү — бул ата-бабадан келе жаткан жакшынакай салттын жыйындысы. Үйлөнүү үлпөтү — бул кары-жашы дебей, замандаштардын бардыгынын жан дүйнөсүнүн майрамы, салтанаты, көңүл куштарлыгы, бейтааныш, тааныш адамдардын бири-бирине шоола чачуулары, ак тилектери, каалоолору, ниеттери. Үйлөнүү үлпөтү — бул наристенин жарык дүйнөгө келгенинен тартып бойжеткенге чейинки даярдык, бул эки жаштын оттуу коломтосу, эки тараптын түбөлүк кол кармашуулары» [Акматалиев. А. Тандалмалар. – Бишкек, 2002. – 243-б.].

Түрк элдеринде кыз узатуу менен үйлөнүү тою эки жашка гана тиешелүү болбостон, ата-эне, тууган-туушкан, уруу, айыл-дын да салтанаттуу тою болгон. Той башынан баштап аягына чейин ар кандай салттык жөрөлгөлөр менен коштолуп, тойго келгендер оюн-зоок, таң-тамашага батышкан. Албетте, тойдо каада-салттык ыр кандай мазмундагы ырлар да айтылган. Ми-салга кыргызда “Жар-жар” айтса, казактарда “жар-жар”, азер-байжандарда “Яр-яр” айтылат:

Кыргыздарда: Шылдыр-шылдыр камышка, Сыргам түштү жар-жар ай! Сыр албаган жигитке,

Сиңдим түштү жар-жар ай!

Казактарда: Ак отауым тиккен жер, Ойдан болсын, жар-жар ау! Ак жүзимди көруге

Айнам болсын, жар-жар ау!

Азербайжандарда:
Ха йайалыгы иелленен, яр-яр, Ширин-ширин дилленен, яр-яр. Сакка чекиб гулейдин, яр-яр.

Бизэ конак гелейдин, яр-яр! [Түркилик тарбие. Антология-сы. – Алматы: Интеллсервис, 2013.]

Түрк элдеринин ар кандай фольклордук чыгармаларын-да, мейли бешик ыры болсун, мейли үйлөнүү үлпөтүндө ыр-дала турган тойбаштар, жар-жар, көрүшүү ж.б. каада-салттык ырлардын мазмунунда төрөлгөндөн тарта наристеге, балага, бойго жеткен жигит-кызга, үй-бүлөгө бакыт-таалай, бакубат жашоо, жашаган өмүрүн татыктуу жашап өтүүгө үндөгөн жак-шы тилектер, акыл-насааттар, алардын келечегине болгон ой жгүртүүлөр сыйдырылган.

Түрк элдеринде анын ичинде кыргыз элинде байыртадан эле аялзатына өзгөчө урмат менен мамиле кылып келишкен. Жалпы түшүнүк боюнча аял отуу коломтонун ээси, үйдүн куту, турмуштун туткасы болгон. Эзелтеден жар тандоо, аял тандоо маселесине олуттуу мамиле кылышкан. Эрдин бактысы, анын коомдогу орду, мартабасы, кадыр-баркы алган жарына жа-раша болгон. “Аял жакшы – эр жакшы, увазир жакшы – хан жакшы”; “Аял – үйдүн куту”; “Аялың мыкты болсо – бактың, аялың кыйды болсо – каттың” – деген макалдар бекеринен эли-бизде айтылбаса керек. Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” дастанында “өзүнө аялды кантип тандоо керектиги тууралуу айтылат”. Аял алууда теги дурус, абийирдүү, уяттуу, таза, эстүү жана айыпсыз кызды издөө керек экендигин, чырайы сулуу эмес, көңүлү сулуу тапсаң өмүрүң түйшүксүз өтөөрүн айтат. Айрым адамдардын бай, сулуу, тектүү кызды аялды-кка алууну самаганын, а бирок алардын кийинки жашоосу байлык-мүлккө кул болуп, элге күлкү, шакаба болуп, тектүү кыздын алдында тепсендиде өмүр сүрөөрүн жазат.

Булардын кимиси артык – кеңеш берем, Аласыңбы аялды, уккунуң сен.

Кулак сал – бай аялды көксөгөнүм, Кул болуп байлык-мүлккө калба өзүң!

Андайлар ач көз болот – алкымы ачык, Тойгузуу кыйын болор байлык ташып!

силер, азгырылган сулууларга, Элге күлкү, шакаба болуп калба!

Сулууларга түшөт да көптүн көзү, Теңир колдоп напсисин тыйса дечи!..

Тектүү кызды самаган кекиреймем, Тек астында тепселип калбагын сен!

Тектүү жердин кызынын тили узун,
Катыныңа кул болуп калба өзүң. – деп адам жашоосундагы оош-кыйыш турмуш чындыгын тизмектеп берет. [Жусуп Баласагын. Куттуу билим. – Бишкек, 2015. 336-б.].

“Аял – эрдин жарым өмүрү” – деп элибизде айтылган-дай, алган жарың акылдуу болсо бар бактың түгөл болорун акын ыр саптарына сыйдырып, акыл-насаатын жазат:

Акылдуу кызды тапсаң карап турба, Төрт сапаттын бардыгы болот анда!

Таптыңбы акылдууну, шашыл дароо, Үйлөнүп ал, табылгыс бакыт ошо.

Тилегиң байлык болсо – аял жыят, Байлык артып, бакытка үйүң тунат.

Абийирдүүбү аялың – сулуу ошо,
Аял сулуу, акылдуу, билги болсо. [Жусуп Баласагын. Куттуу билим. – Бишкек, 2015. 336-б.]

Эр жигиттин бактысы – куттуу коломтосунун отун өчүрбөй, бирди тапса эки кылган ырыскысы, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон таянычы, үй-бүлөнүн туткасы, жароокер жар, акылдуу аял экендиги тууралуу ой окурманга тартууланат.

«Куттуу билимде» автор өз заманындагы адептик-этикалык принциптерди, идеяларды ошол доордун тарыхы, маданияты, дини менен шайкеш байланышта карап, аларды акыл-таразасына салып баалап, нарктап ой толгогон. Ошондуктан бул чыгарманы адамзатка ар убак адеп-ахлактык, нравалык жактан азык болуучу этикалык энциклопедия катары бааласак ашыкча болбойт. Адамдын коомдогу журуш-турушу, карым-катыш мамилелери, даанышман ойчулдун философиялык көз карашы менен берилет. Символикалуу мааниси бар чыгармадагы образдар адам өмүрүндөгү эң бир асыл адамзаттык баалуулуктарды алып жүргөн образдар.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө отуздан ашык чоң-чоң этностор бар экени белгилүү. Алардын ичинен тарыхы бир, тагдыры орток түрк элдеринин өзүнө мүнөздүү дүйнө таанымы, каада-салты, үрп-адаты бар экени белгилүү. Ата-бабларыбыздан калган улуттук салт-санаалар келечек муундарды татыктуу тарбиялоодогу эң негизги булак катары кызмат кылып, адамзаттык баалуулуктарды сактоого зор таасирин тийгизет. Ошондуктан түрк элдеринин орток этномаданий, адабий мурастарын комплекстүү изилдөө иштерин ар тараптуу колго алуу учур талабы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *